Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы
2025-жылдын 26-августунда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору, тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү жана аудит жүргүзүлгөн мекемелердин өкүлдөрү катышышты. Отурумда 2024-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчету каралды;

2024-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгында эмгек акы төлөөдө, мамлекеттик мүлктү пайдаланууда, мамлекеттик сатып алууларды жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө  бузуулар аныкталган, алар:

  • бюджеттик мыйзамдардын талаптарынын сакталбагандыгына байланыштуу бузуулар – 304,1 млн сом;
  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар – 78, 4 млн сом;
  • бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук боюнча бузуулар – 47,4 млн сом;
  • жол-жоболук мүнөздөгү, анын ичинде мамлекеттик сатып алуудагы бузуулар – 461,5 млн сом ж.б.

Кеңештин жыйынтыгында тиешелүү токтомдор кабыл алынып, каржылык тартип бузууларды болтурбоо максатында бир нече сунуштар жана жазма буйруктар берилди.