Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2025-жылдын 18-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын жетекчиси Болотбек Элебесов менен Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын Вице-президенти Пётр Миклис мырзанын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясынын иш сапары Аудиттин жогорку органдарынын отчеттуулугунун глобалдык демилгеси” (GSAI Кыргызстан) долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасы жана ИНТОСАИ Өнүктүрүү демилгеси ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылды.

Жолугушууда тараптар GSAI Кыргызстан долбоорунун
- Эсептөө палатасын стратегиялык башкаруу №4 компонентинин ишке ашырылып жаткан кезектеги абалын талкуулашты.  

Бул компонентти ишке ашыруу максатында, эл аралык аудиттин жогорку органдарынын стандарттарына (ISSAI) ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ички процесстерин жөнгө салуучу ченемдик актылар жаңыланууда.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы Гданьск шаарындагы Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын аймактык бөлүмүндө болушту. Делегация анын иши жана функционалдык милдеттери менен таанышышты.

Иш сапардын соңунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы Польша Республикасынын Жогорку контролдоо палатасынын Президенти Мариан Банаш мырза менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар GSAI Кыргызстан долбоорунун алкагында болгон жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экенин баса белгилешти.