Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан аудитор Бадахшан Рыскулиевдин жетекчилиги астында Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлдү.
Аудиттин жыйынтыгына ылайык, шаар бюджетинин такталган көлөмү 3 млрд 224,2 млн сомду түзгөн. Бирок кирешелер 92,7% гана аткарылып, пландан 235,6 млн сомго аз түшкөн. Айрыкча киреше салыгы жана ижара төлөмдөрү боюнча көрсөткүчтөр жетишсиз болгон.
Чыгаша бөлүгү да толук аткарылган жок – 91,8% деңгээлде гана ишке ашкан. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарында каражаттар толук көлөмдө колдонулган эмес.
Жалпысынан аудиттин жүрүшүндө 5 млрд 658,9 млн сом суммада бузуулар жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Анын ичинен 1 млрд 952,6 млн сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, бүгүнкү күндө болгону 31,2 млн сом гана кайтарылган. Негизги мыйзам бузуулар бухгалтердик эсеп жана отчеттуулуктун так жүргүзүлбөшү, сатып алуулардагы кемчиликтер, мүлктү туура эмес пайдалануу жана 2900,0 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиги менен байланыштуу.
Эсептөө палатасынын Кеңеши Ош шаарынын мэриясына жана тиешелүү органдарга аныкталган кемчиликтерди жоюу жана жергиликтүү бюджетти толук жана натыйжалуу аткарууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды берди. Ошондой эле аудиттин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлүүдө.
Маалымат үчүн:
Шайкештик аудит мамлекеттик жана муниципалдык ресурстардын мыйзамдуулугу менен бирге алардын натыйжалуулугун да баалоого багытталган.











