Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 01.01.2021-жылдан 31.12.2024-жыга чейинки мезгил аралыгына карата Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунда (БАЖПИИ) бюджеттик жана башка каражаттардын пайдаланылышына натыйжалуулук аудитин жүргүзгөн. Аудит  ИНТОСАИнин (ISSAI) аудиттин эл аралык стандарттарына ылайык жүргүзүлгөн.

БАЖПИИ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 14-ноябрындагы  № 720 токтому менен бекитилген Уюштуруу келишими жана Уставы менен, 2022-жылдагы Кооперативдик макулдашууга ылайык түзүлгөн.

Институттун   негизги максаты болуп, геодинамиканы жана гео тобокелдиктерди, климаттык өзгөрүүлөрдү изилдөөнү, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүнү, геомониторинг тутумун, ошондой эле билим берүү жана консультациялык иштин өнүгүшүн камтуу менен, Жер жөнүндөгү илим чөйрөсүндө илимий изилдөөлөрдү өткөрүү жана колдоо эсептелет.

2021-2024-жылдар мезгил аралыгында институттун ишин каржылоо, республикалык бюджеттин, GFZ гранттарынын, эл  аралык финансылык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн каражаттарынын, ошондой эле сервистик жана консультациялык кызмат көрсөтүү каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.  Көрсөтүлгөн мезгил аралыгында келип түшкөн каражаттардын жалпы суммасы 216,3 млн сомду түзгөн, анын ичинен:

-  республикалык бюджеттен   – 85,5 млн сом;

-   GFZ гранттык жардамынан – 52,7 млн сом;

- эл  аралык финансылык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн гранттык жардамынан - 44 521,1 миң сом;

- сервистик жана консультациялык кызмат көрсөтүүдөн алынган каражаттардан - 33,7 млн сом.

 Аудиттин жыйынтыгы боюнча оң жагдайлар менен катар көйгөйлүү факторлор да аныкталды.

    Оң жагдайларга төмөндөгүлөр кирет:

  • Заманбап илимий-техникалык база түзүлгөн, жанындагы аймагы менен имараттар берилген, кыргыз жана немец тарап биргелешип, эки имаратка оңдоо иштери жүргүзүлгөн, илимий станциялар үчүн GFZ жабдуусу сатылып алынган; мониторинг тармагы түзүлгөн, ошондой эле чет өлкөдөн илимий потенциалды жогорулатуу жүргүзүлүүдө;
  • ЕКтен,  Фольксваген фондунан, Германиянын Билим берүү жана илим министрлигинен, Германиянын Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигинен,  GIZтен, Кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча Швейцария агенттигинен Кыргызстанга илимий долбоорлор тартылууда, ошондой эле АӨБ, ДБ, ЕӨРБ жана жаратылыш катастрофаларын, суу ресурстарын, мөңгүлөрдү жана гео экологияны изилдөө боюнча башка фонддордон каржыланган долбоорлор ишке ашырылууда;
  • БАЖПИИде илимий изилдөөлөр аралык ыкмаларды жана гео маалыматтык тутумду колдонуу менен заманбап методологиялык жана техникалык деңгээлде жүргүзүлөт;
  • изилдөөлөр дүйнөлүк коомчулук тааныган кадыр-барктуу журналдарда, ошондой эле башка көптөгөн окуу куралдарында, окуу китептеринде жана монографияларда жарыяланган. БАЖПИИ маалыматтарынан ушул мезгил аралыгында 121 жолу цитата келтирилген, алар эл аралык жана улуттук эксперттер тарабынан колдонулган.

Ошону менен бирге, БАЖПИИ илимий изилдөөлөрүн КР ӨКМ, Кыргызгидромет, Токой чарбасы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстар, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сыяктуу мекемелер  дайыма колдоноору белгиленген. Буга байланыштуу, министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз координациялоо керек, ошондуктан, кызыкдар тараптар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонушун кеңейтүүнү сунуш кылабыз.

Негизги көйгөйлүү маселелерге төмөндөгүлөр кирет:

  • үч жылдык мезгилге илимий-изилдөө программаларында күтүлгөн жана алынган жыйынтыктарга салыштырмалуу талдоонун жоктугу;
  • башкаруу, пландоо, мониторинг жана мамлекеттик/гранттык каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн ички контролдоо тутумундагы кемчиликтер;
  • документ жүгүртүүдөгү кемчиликтер (Техникалык тапшырмалардын/контракттардын, аткарылган иштердин аткарылгандыгын жөнүндө актылардын аткарылышы жөнүндө аралык жана финалдык отчеттордун, айрым сервистик/консультациялык иштер боюнча чыгымдар сметасынын  жоктугу);
  • уюштуруучулардын чечимдери менен каралбаган максаттарга “БАЖПИИ өнүктүрүү фондунун” каражаттарынын пайдаланылышы;
  • мамлекеттик органдар менен координациялоо иши, илимий изилдөөлөрдү өткөрүүдө БАЖПИИ менен өз ара аракеттенишүүнү кеңейтүүнү талап кылат;
  • илимий  изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын колдонууну бардык эле кызыкдар тараптар колдоно бербеши;
  • квалификациялык адистердин ишке токтобошу;
  • гранттарды/техникалык жардамдарды ишке ашыруу боюнча ички ченемдик документтердин (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жүргүзүү, каражаттарды пайдалануу, сервистик/консультациялык кызматтарды сатуу  боюнча жол-жоболор жана саясат) жоктугу;
  • өкүлчүлүк чыгымдарды бекитүү боюнча сметалардын жана буйруктардын долбоорлорунун жоктугу.

Аудит учурунда гранттык каражаттарды натыйжасыз пайдалануунун жана мамлекеттик органдар менен жетишсиз координациялоонун кээ бир фактылары аныкталган.

Эсептөө палатасынын сунуштары төмөндөгүлөргө багытталган:

  • ички көзөмөлдү жана иш кагаздарынын жүгүртүлүшүн чыңдоого;
  • илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун баалоо үчүн так индикаторлорду иштеп чыгууга;
  • мамлекеттик жана гранттык каражаттарды тескөөдө ачык-айкындыкты жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга;
  • аныкталган мыйзам бузууларды жоюуга жана институттун ченемдик базасын өркүндөтүүгө.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бул сунуштар ишке ашырылганда БАЖПИИнин иши абдан натыйжалуу болуп, илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын мамлекеттин жана коомчулуктун кызыкчылыгында практикалык колдонууга багытталашы   керек деп эсептейт.