Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2023-жылдагы бюджети менен анын карамагындагы акционердик коомдордун ишмердүүлүгүнө, ошондой эле «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын 2021-жылдын 1-январынан 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын чыгарды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 287 832,3 миң сомду түзгөн финансылык тартип бузуулар аныкталды. Анын ичинде:

  • министрликтин карамагындагы мекемелерде – 9 487,0 миң сом,
  • энергетика тармагындагы акционердик коомдордо – 247 023,0 миң сом,
  • «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында – 31 322,3 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгында бухгалтердик эсепке 79 837,9 миң сом өлчөмүндө тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди.

Аналитикалык иш-чаралар көрсөткөндөй, энергетика тармагындагы акционердик коомдор келишимдердин шарттарын толук көлөмдө аткарбагандыктан, бюджеттерге кошумча киреше катары түшүшү керек болгон 34 236,6 миң сом өз убагында которулган эмес. Мындан тышкары, ресурстарды сарамжалдууу жана натыйжалуу пайдалануу жетишсиз деңгээлде болгондуктан, ошондой эле зарыл иш-чаралар көрүлбөгөндүктөн, жалпы суммасы 505 029,7 миң сом болгон каражаттар үнөмсүз колдонулган. Анын ичинде:

  • министрликтин карамагындагы мекемелерде – 335,1 миң сом,
  • энергетикалык акционердик коомдордо – 440 561,5 миң сом,
  • «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасында – 64 133,1 миң сом.

Аудиттин жыйынтыктарын карап чыккандан кийин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши бузууларды жоюу жана мамлекеттик ресурстарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү берди.