Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2025-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрдү. Отурумда бир катар маанилүү маселелер каралды.

Алгачкы маселелердин катарында Эсептөө палатасынын мамлекеттик кызматчысы Айгүл Кармышева кызматтык ант берди. Бул жөрөлгө Эсептөө палатасынын жамаатынын жана Кеңеш мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү.

Кеңештин күн тартибиндеги негизги маселелердин бири — 2023-жылга карата Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы болду. Ошондой эле 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин бюджетинин аткарылышы талдады. Бул маселе боюнча баяндама жасаган аудитор Жузупбек Нурматов аудиттин жыйынтыктары, аныкталган көйгөйлөр жана сунуштар тууралуу маалымат берди.

Андан соң “Кыргыз Туусу” басма үйүнүн жана “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин ишмердүүлүгүнө 2020–2024-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн шайкештик аудити боюнча отчеттор угулду. Бул маселелер боюнча баяндамачы аудитор Азамат Раматилаев аудиттин жыйынтыктарын сунуштап, мамлекеттик маалымат каражаттарынын ишин жакшыртуу жана каржылык тартипти чыңдоо боюнча сунуштарды белгиледи.

Күн тартибиндеги акыркы маселе катары Эсептөө палатасынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-20/60 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

Отурумдун жыйынтыгында Кеңеш бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды.