Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасы тарабынан “Кыргыз Туусу” Басма үйү жана “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезити мекемелеринин 2020–2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында эки мекемеде тең өндүрүштүк-финансылык пландар түзүлбөгөндүктөн ишмердүүлүк стратегиялык багытсыз жүргүзүлүп келгендиги, ички көзөмөлдүн жетишсиздиги жана сатып алуулар мыйзам талаптарын бузуу менен аткарылгандыгы белгиленди. Ошондой эле эки мекемеде тең каражаттар сарамжалсыз пайдаланылганы аныкталды, ал эми майрам күндөрүнө сый акылар берилгени менен, жылдар таза кирешесиз жыйынтыкталган.

Эсептөө палатасы мекемелерге финансылык тартипти күчөтүү, ички көзөмөлдү жакшыртуу жана сатып алууларды мыйзам чегинде жүргүзүү боюнча сунуштарды берди.