Жогорку кесиптик билим: экономика, финансы, мамлекеттик аудит чөйрөсүндө.
Иш стажы жана тажрыйбасы: 3 жылдан кем эмес кесиптик иш тажрыйбасы.
Кыргыз Республикасынын жараны.
Кесиптик компетенциялары:
1) Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын Конституциясын; “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын; Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин; Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: “Мамлекетттик сатып алуулар жөнүндө”; “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Маалымат алуу укугу жөнүндө”; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”; бюджеттик, атайын жана башка каражаттарды пайдалануу чөйрөсүндө ченемдик укуктук актыларды, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламентин, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексин; мамлекеттик тилди В2 деңгээлинен төмөн эмес, кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди чет тилди (билгени абзел)
2) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды; кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
- билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландоо; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө:
- көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.











