2025-жылдын 24-ноябрында КР Эсептөө палатасынын Кеңеши кезектеги отурумун өткөрүп, бир катар маанилүү аудиттик материалдарды карады. Отурумда социалдык маанидеги мекемелерде жана мамлекеттик ишканаларда бюджеттик каражаттардын аткарылышына жана алардын максаттуу пайдаланылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары талкууланды.
Кеңештин мүчөлөрүнө аудитор Эмгекчилердин ден-соолугун чыңдоо фондунан 2023-жылы бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин отчетун сунушталды. Отчетто фонд каражаттарын бөлүштүрүү жана пайдалануу тартибине байланышкан бир катар маселелер белгиленип, анын ишмердүүлүгүндө ачык-айкындыкты жана натыйжалуулукту жогорулатуу боюнча сунуштар берилди.
Ошондой эле “Дастан” Трансулуттук корпорациясы” ачык акционердик коомунун 2023–2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары каралды. Аудитте ишкананын өндүрүштүк жана каржылык иши талданып, ресурстарды башкаруу, пландоо жана аткаруу тармактарында жакшыртууну талап кылган аспектилер белгиленди.
Отурумдун жүрүшүндө Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун бюджетинин аткарылышынын шайкештигине жүргүзүлгөн аудитинин отчету угулду. Аудит борбордун ишмердүүлүгүндө адам укуктарын коргоо багытындагы маанилүү функциялардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун тактыгы жана натыйжалуулугу боюнча бир катар багыттарды камтыды.
Бардык үч отчеттор боюнча аудитор Мукаш Арзыбаев баяндама жасады. Кеңеш мүчөлөрү талкуулап, тиешелүү сунуштарды беришти. Эсептөө палатасы мындан ары да мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу башкаруу, ачык-айкындыкты жогорулатуу жана жарандар алдындагы отчеттуулукту күчөтүү боюнча иштерин улантат.







