2025-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2023–2025-жылдарда ишке ашырылган Глобалдык отчеттуулук демилгесинин (GSAI) өнөктөштөрүн колдоо долбоорунун биринчи фазасынын жыйынтыктарын чыгарды. Европа Биримдигинин жана Сауд Аравиясынын Жогорку аудитордук органынын колдоосу менен Польшанын Жогорку аудитордук органы (ВОАП) жана ИНТОСАИнин Өнүктүрүү демилгеси (IDI) менен биргеликте ишке ашырылган бул долбоор отчеттуулуктун жана мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадамдардын бири болду.
Иш-чара Эсептөө палатасынын төрагасынын учурашуу сөзү менен ачылып, андан кийин Польшанын Жогорку контролдук палатасынын, IDIнин жана Европа Биримдигинин өкүлдөрүнүн куттуктоо сөздөрү менен коштолду. Жолугушууда кызматташтыктын жыйынтыктары сунушталып, алар улуттук аудит тутумун модернизациялоого олуттуу салым кошкону айтылды. GSAI долбоорунун биринчи фазасы Эсептөө палатасынын 2022–2026-жылдарга карата Стратегиялык өнүгүү планында интеграцияланып, ISSAI эл аралык аудит стандарттарына өтүүнү камсыздады. Эки жылдын ичинде методологиялык база жаңыртылып, финансылык аудит, шайкештик аудит жана натыйжалуулук аудит боюнча ISSAI талаптарына ылайык жаңы жетекчиликтер бекитилди. Ошондой эле кызматкерлер үчүн атайын окутуулар аркылуу кадрдык потенциалды жогорулатууда маанилүү жетишкендиктер болду.
Санариптештирүү багытында да ири жыйынтыктарга жетишүү болду. Эсептөө палатасы 2025–2026-жылдарга арналган ИКТ өнүгүү стратегиясын иштеп чыгып, SAI ITMA методикасы боюнча санариптик жетишкендикке баа берди, ал эми аудиторлор маалыматтарды талдоо жана IT-аудит боюнча инструменттерди өздөштүрүштү. IT адистер Польшадан аудиттин санариптик трансформациясынын тажрыйбасын үйрөнүп, бул билимдер улуттук практикада заманбап санариптик ыкмаларды колдонууга жол ачууда. Маанилүү өзгөрүүлөр коммуникация тутумунда да болду: Парламент, мамлекеттик органдар, ЖМК жана коомчулук менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө үчүн жаңы Коммуникация стратегиясы иштелип чыкты. Ички регламент жаңыланып, аудиторлордун көзкарандысыздыгын, ачыктыктыгын жана кесиптик жоопкерчилигин күчөткөн Этикалык кодекс киргизилди.
Иш-чаранын алкагында «Жогорку аудитордук органдын көз карандысыздыгы жана мамлекеттик ресурстарды башкаруудагы анын ролу» темасында мамлекеттик органдардын, демөөрчүлөрдүн, эл аралык эксперттердин жана ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда дискуссия өттү. Талкуулар Кыргызстандын жогорку аудитордук органынын мындан ары да көзкарандысыздыгын жана эл аралык стандарттардын негизинде өнүгүшүнүн маанилүүлүгүн тастыктады.
Конференциянын ишин жыйынтыктап жатып, Эсептөө палатасынын төрагасы жасалган иштердин маанисин жана бардык өнөктөштөрдүн кошкон салымын баса белгилеп, мындай деди:
«Биз олуттуу ийгиликтерге жетиштик. Эсептөө палатасынын институционалдык потенциалы күчөтүлдү, аудитти пландаштыруу жана жүргүзүүдө заманбап ыкмалар киргизилди, ишибиздин ачыктыгы жана отчеттуулугу жогорулады. Бул өзгөрүүлөр мамлекеттик ресурстарды башкаруу тутумуна болгон жарандардын ишенимин бекемдейт. Айрыкча биздин эл аралык өнөктөштөр — ВОАП, IDI, Европа Биримдиги жана Сауд Аравия Падышачылыгынын Элчилигине ыраазычылык билдирем. Алардын колдоосу заманбап инструменттерди ишке киргизүүгө жана кызматкерлерди жаңы жетишкендиктерге шыктандырды. Жогорку аудитордук органдын көз карандылыгы — бул мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугунун негизи, ал эми объективдүү аудит гана мамлекеттик институттардын ачыктыгын жана туруктуулугун камсыздай алат. Бүгүнкү талкуулар жана тажрыйба алмашуу биз туура багытта баратканыбызды жана өнүгүүнүн жаңы этабына даяр экенибизди далилдеп жатат».
Иш-чаранын соңунда Эсептөө палатасы эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана GSAI долбоорунун кезектеги фазасынын алкагында жетишкен жыйынтыктарды масштабдоого даяр экенин билдирип, Кыргызстандагы мамлекеттик аудиттин отчеттуулугун, көзкарандысыздыгын жана ачыктык деңгээлин мындан ары да бекемдөө боюнча ишти улантаарын билдирди.











