Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жана анын карамагындагы мекемелерде 2022–2024-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары каралды.

Аудит 2022-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилди камтып, бюджеттин аткарылышы, финансылык тартиптин сакталышы жана белгиленген жол-жоболордун аткарылышы талданды. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында финансылык жана процедуралык мүнөздөгү бир катар бузуулар аныкталды.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттарды чегерүү тартибинин бузулушу, милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жол-жоболорунун сакталбашы, бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча, анын ичинде ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдарга жол берилген фактылар аныкталды. Ошондой эле мамлекеттик мүлктүн сакталышы тийиштүү деңгээлде камсыздалбаганы, бухгалтердик эсепке алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушу, эсепке алуу жана отчеттуулук тартибиндеги кемчиликтер катталган.

Мындан тышкары, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболорунда, ошондой эле курулуш-монтаж иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарынын сакталбаганы боюнча бузуулар аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши бюджеттик тартипти чыңдоого, ички контролдоо механизмдерин өркүндөтүүгө, аныкталган кемчиликтерди жоюуга жана мамлекеттик каражаттарды пайдаланууда ачык-айкындуулукту жана натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган тиешелүү сунуштарды берди.