Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жамааты үчүн балдарга кам көрүү жана алар менен болгон байланыш көптөн бери жакшы салтка айланган. Жыл сайын Жаңы жыл алдында мекеменин жамааты корпоративдик майрамдык иш-чаралардан баш тартып, анын ордуна балдарга кубаныч тартуулоону тандап келет.

Бул жылы да Эсептөө палатасынын командасы Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Профсоюз комитетинин төрагасы Руслан Абдыкалыков жана башка кызматкерлер менен бирдикте «Акниет» оор кырдаалдагы балдар борборуна барып, ар кандай себептерден улам ата-эненин мээриминен ажыраган балдарды келе жаткан Жаңы жыл менен куттукташты. Балдар үчүн майрамдык маанай тартууланып, жылуу сөздөр айтылып, белектер берилди.

Мындай жолугушуулар балдар үчүн эле эмес, келген ар бир адам үчүн да өзгөчө мааниге ээ. Жаңы жыл алдында балдарга көңүл бөлүү, жылуу мамиле жана чын ыкластуу тилектер майрамдын чыныгы маңызын чагылдырат.

«Жаңы жыл – бул балдар үчүн өзгөчө майрам. Биз үчүн алардын жүзүндө жылмаюу пайда болгону, майрамдык маанай сезилгени эң маанилүү. Мындай жолугушуулар жүрөктү жылытат жана жакшылыктын баалуулугун эске салат», - деди иш-чаранын жүрүшүндө Профсоюз комитетинин төрагасы Руслан Абдыкалыков.

Эсептөө палатасынын жамааты мындай демилгелерди улантып, балдарга жылуулук тартуулоо салтын сактап келүүнү келечекте да ниет кылышат. Анткени Жаңы жыл — бул белек гана эмес, көңүл бөлүп, мээрим тартуулап жана бирге кубануунун майрамы.