Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде, ошондой эле анын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүндө 2024-жылга карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик жана каржылык тартипти сактоо, бухгалтердик эсепти жүргүзүү жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануу маселелери боюнча тиешелүү укуктук ченемдик актылардын талаптарына бир катар шайкеш келбестиктер аныкталды. Тактап айтканда, каржылык тартипти бузуунун жалпы суммасы 33 836,8 миң сомду түздү. 
Мындан тышкары, бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө кемчиликтерге жол берилгени белгиленип, негизги каражаттар, анын ичинде бүткөрүлбөгөн курулуш объектилери министрликке караштуу айрым мекемелердин бухгалтердик баланстарында кириштелип чагылдырылган эмес. Аудит жүргүзүү учурунда бухгалтердик эсеп боюнча тиешелүү оңдоп-түзөө иштери аткарылып, эсепке алуу маалыматтары такталды.
Ошол эле учурда өз убагында бюджетке кайтарылбаган каражаттардын суммасы 184 162,5 миң сомду түзөт. Мындан сырткары, мамлекеттик ресурстарды рационалдуу эмес пайдалануунун, ошондой эле өз убагында чаралар көрүлбөгөндүгүнүн натыйжасында бюджеттин жоготуулары  25 070,4 миң сом суммасын түздү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча аудит субъектисине аныкталган кемчиликтерди жоюуга, бухгалтердик эсепти жана ички контролду чыңдоого, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кеңири сунуштар берилди.