2026-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү.
Отурумдун күн тартибине ылайык бир катар маанилүү маселелер каралды.
Алгач Кеңеш мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Республикалык бюджетке аудит жүргүзүү башкармалыгынын башкы мамлекеттик инспектору Рысбек Оморовду мааракелик майрамы менен куттукташты. Маараке ээси көп жылдык ак ниет эмгеги жана мамлекеттик аудитти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн белгиленип, куттуктоо баракчасы жана сыйлуу белектер тапшырылды.
Андан соң Кеңеш 2024-жылга карата Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде, анын ведомстволук бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жана министрликтин карамагындагы мамлекеттик ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин отчетун карады. Бул маселе боюнча аудитор Уран Жумагулов маалымат берип, аудиттин негизги жыйынтыктарын тааныштырды.
Мындан тышкары, «Ар кандай маселелер» бөлүмүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө маселе каралды.
Каралган маселелердин жыйынтыгы менен тиешелүү чечимдер кабыл алынып, жооптуу тараптарга аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.













