Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле шаардын муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында бардыгы 10 263,5 миң сомго каржылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен калыбына келтирилүүгө тийиш 9 767,8 миң сом аудиттин жүрүшүндө 2 110,8 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинен:
- Бюджетке төлөмдөр, туумдар жана айып пулдарды өндүрүү боюнча көрүлбөгөн чаралар – 135,2 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш;
- Мажбурлап өндүрүү суммаларын (айыптарды, конфискацияларды, депозиттик эсептин талап кылынбаган суммаларын ж. б.), ошондой эле зыяндын ордун толтуруу катары алынган суммаларды бюджетке чегербөө (өз убагында же толук эмес чегерүү) – 54,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 8,9 миң сом толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш;
- Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 5455,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүгө тийиш;
- Кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 562,7 миң сом;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу – 67,0 миң сом, аудиттердин учурунда толугу менен эсепке алынды;
- Финансылык активдер боюнча эсеп жүргүзүүдөгү мыйзам талаптарынын сакталбашы – 10,6 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш;
- Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 4 036,1 миң сом толугу менен калыбына келтирүүгө тийиш, (аудиттин жүрүшүндө 2 043,8 миң сом эсепке алынып, бюджетке төгүлдү).
Мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салган ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузуу менен, сатып алуу жол-жоболорун жүргүзбөстөн 134 318,1 миң сомго 3 даана заводдордун жабдууларын жана аттракциондорду сатып алууга түз келишимдерди түзгөн фактылар боюнча материалдар, ошондой эле Кытай Эл Республикасынын компаниялары менен өз ара эсептешүүдө, Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан келишимдердин талаптарын бузуу менен, негизсиз алдын ала 958,9 миң АКШ долларга төлөм жүргүзүү фактылары боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.
Талас шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле Талас шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына жана муниципалдык ишканалардын ишине жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарын, Талас шаарынын мэриясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылууну, Талас шаарынын мэриясынын жетекчилигине сунушталды.







