Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

2026-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Жыйында мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар уюштуруучулук жана стратегиялык маселелер каралды.

Отурум алгач жагымдуу жаңылыктардан башталды. Аудитор Пардали Батиров өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Кеңеш мүчөлөрү кесиптешин жылуу куттуктагандан кийин мамлекеттик кызматка жаңы кабыл алынган кызматкерлердин ант берүү аземи өткөрүлдү. Ант берүү мамлекеттик кызматтын принциптерине берилгендикти бекемдеп, жоопкерчиликтүү жана кесипкөй иш алып барууга болгон милдеттенмени тастыктайт.

Кеңеш мүчөлөрүнө Эсептөө палатасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын 2025-жылдагы аткарылышы тууралуу маалымат сунушталды. Маалыматта белгиленгендей, отчеттук мезгил ичинде аудиттик ишмердүүлүктүн сапатын жогорулатууга, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана институционалдык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган чаралар ырааттуу ишке ашырылган.

Ошондой эле жыйында Финансылык жана шайкештик аудиттери боюнча колдонмону тааныштыруу максатында Азия өнүктүрүү банкына жөнөтүү тууралуу токтомдун долбоору каралып, талкуунун жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Бул демилге эл аралык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аудит практикасын мындан ары өркүндөтүүгө багытталган.

Кеңештин кароосуна коюлган бардык маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, аткаруу үчүн жооптуу түзүмдөргө тапшырмалар берилди.