Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2025-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында бардыгы – 28 514,6 миң сомго каржылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 12 796,1 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө 2 741,6 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:
- Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 7 868,9 миң сом;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) - 20,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 3 798,1 миң сом;
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу – 1 909,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 4 051,5 миң сом;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу – 595,4 миң сом, аудиттердин жүрүшүндө толугу менен эсепке алынды;
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбагандыгы – 8 187,2 миң сом, толугу менен өндүрүлүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 152,5 миң сом бюджетке төгүлдү);
- Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча бузуулар – 2 083,7 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш ( аудиттердин жүрүшүндө 1 993,7 миң сом калыбына бухгалтердик эсеп-кысапта калыбына келтирилди).
Аудиттердин материалдары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясында бекитилген. Коллегиянын чечимине ылайык, “2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, бюджеттик мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө отчёт” Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жиберилген.
Андан тышкары, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясына жана Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жиберилген.
Чүй областынын Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, ошондой эле былтыркы жылга салыштырмалуу каржы бузуулардын жана кемчиликтердин 23,1 % көбөйүшүнүн себептерин талдап, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана милдеттүү түрдө аткарылышын камсыз кылууну, Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине сунушталды.







