Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасын 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Ысык-Ата районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыгында бардыгы – 51 107,7 миң сомго каржылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен 13 550,1 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө 8 309,9 миң сом калыбына келтирилген), анын ичинде:
- Бюджеттин киреше бөлүгүнүн ченемдик-укуктук актылардын талаптарына туура келбеши, сапатсыз пландоо – 2 024,5 миң сом;
- Бюджетти түзүү менен байланышкан жана башка бузуулар – 9 152,8 миң сом;
- Мажбурлап өндүрүү суммаларын (айыптарды, конфискацияларды, депозиттик эсептин талап кылынбаган суммаларын ж. б.), ошондой эле зыяндын ордун толтуруу катары алынган суммаларды бюджетке чегербөө (өз убагында же толук эмес чегерүү) – 418,9 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш;
- Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 550,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирилүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө 248,8 миң сом бюджетке өндүрүлдү);
- Бюджеттик каражаттарды бюджеттик сметада каралбаган чыгымдарга пайдалануу – 2 441,5 миң сом;
- Резервдик фонддордун каражаттарын бөлүү шарттарында каралбаган максаттарга пайдалануу – 23,0 миң сом;
- Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 1 577,2 миң сом;
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 3 814,2 миң сом;
- Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 625,5 миң сом;
- Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин эскиргендигин эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте кириштелбеген, эсепке алынбаган мүлктүн болушу – 4 537,2 миң сом, аудиттердин жүрүшүндө толугу менен эсепке алынды;
- Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу – 649,4 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш, (бүгүнкү күнгө 24,0 миң сом бюджетке төгүлдү);
- Мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү – 102,1 миң сом, 12,1 миң сом калыбына келтирүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 12,1 миң сом бюджетке өндүрүлгөн);
- Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарын сактабоо – 4 299,1 миң сом толугу менен бюджетке өндүрүлүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө 369,5 миң сом бюджетке өндүрүлдү);
- Мүлктү пайдалануудагы башка бузуулар – 18,4 мин сом толугу менен бюджетке өндүрүлүүсү тийиш;
- Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар – 42,8 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш (аудиттин жүрүшүндө 42,8 миң сом бюджетке өндүрүлгөн);
- Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузуу – 1 889,0 мин сом аудиттердин жүрүшүндө толугу менен эсепке алынган;
- Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 1 186,5 миң сом, толугу менен калыбына келтирүүсү тийиш (аудиттердин жүрүшүндө толугу менен өндүрүлгөн).
- ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар – 6 692,0 миң сом;
- Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы бузуулар – 11 063,1 миң сом.
Коллегиянын отурумунун чечимине ылайык, “2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Ысык-Ата районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө отчёт” Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жиберилген. Андан тышкары, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жана Ысык-Ата районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жиберилген.
Чүй областынын Ысык-Ата районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылууну, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине сунушталды.







