Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2024-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Кант шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин аткарылышына, ошондой эле, “Эмгек Люкс” жана “Кант-Жылуулук” муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудиттерин жүргүздү.

Кант шаарынын мэриясынын жана мэриянын муниципалдык ишканаларында жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 65 315,1 миң сомго финансылык бузуулар жана кемчиликтер аныкталган, анын ичинен  60 142,5 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш, тактап айтканда;

  •   Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши –  1 032,1 миң сом;
  •   Бюджеттик ассигнованиелердин көлөмдөрүнүн жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин, каржылоонун чектүү көлөмдөрүнүн укуктук негиздерсиз өзгөрүшү – 60 142,5 миң сом анын ичинен 60 142,5 миң сом калыбына келтирилүүсү тийиш;
  •   Кызматкерлердин эмгек акы төлөөлөр жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 4 143,2 миң сом.

Аудиттердин материалдары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Коллегиясынын отурумунда каралып, Коллегиянын отурумунун чечимине ылайык, аудиттердин жыйынтыктары жөнүндө маалымат, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жана Кант шаарынын мэриясына жиберилген.

Андан тышкары, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кант шаарынын мэриясына жазма буйрук жиберилген. Чүй областынын Кант шаарынын мэриясынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кант шаарынын мэриясында жана мэриянын муниципалдык ишканаларында жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин жыйынтыктарын, Кант шаарынын мэриясынын Коллегиясынын отурумунда кароону, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюуну, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоону, жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алууну, жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылууну, Кант шаарынын мэриясынын жетекчилигине сунушталды.