Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйындын алкагында мекеменин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар маанилүү маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Отурумдун башында салттуу түрдө мамлекеттик кызматчылардын ант берүү аземи өттү. Анда жумушка жаңы кабыл алынган кызматкерлер өз милдеттерин ак ниет жана мыйзам чегинде аткарууга расмий түрдө ант берди.
Андан соң, Кеңештин мүчөлөрү өлкөнүн ири ишканаларынын бири болгон “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгын талкуулашты. Бул маселе боюнча Эсептөө палатасынын аудитору Алимжан Байгазаков баяндама жасап, текшерүүнүн негизги жыйынтыктары жана сунуштамалары менен тааныштырды.
Жыйындын соңунда Пландоо, отчеттуулук жана мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Ибраевдин сунушу менен үстүбүздөгү 2026-жылга карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитордук иш планына актуалдуу өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралып, бир добуштан жактырылды.
Каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан тиешелүү токтомдор кабыл алынды.











