
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөрдөн улам, ЖМК бүгүнкү күндөгү коомдун өсүшүнүн маанилүү ресурсу болуп калуусуна түрткү берди. Өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, жаңыланууга ачык мамиле жасап, маселенин өзөгүнө жетип кароо гезитте, сыналгы жана үналгыда, интернет-басылмаларда иштеп жаткан адистердин негизги иши болуп келген жана мындан ары да ошондой болуп кала бермекчи. Ошондой эле коомдук пикирди жана маанайды калыптандырууда чечүүчү ролду аткарып келатасыздар. Өлкөбүздө ачык, мыйзамдуу жана адилеттүү демократиялык системаны калыптандырууда журналисттердин салымы кыйла маанилүү. Ушунун баары бийлик менен коомдун ортосунда диалог түзүүгө, актуалдуу маселелердин ачыкталышына, алар боюнча керектүү чечимдердин кабыл алышына, социалдык маанилүү программалардын ишке ашырылышына өбөлгө түзүүдө.
Чын дилимен сиздерге шыктануу, жаңы идеяларды жана долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууңуздарды каалайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик, бакубат турмуш жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!
Урматым менен,
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы
А.Ш.Акматов
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Чаткал районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгы,Чаткал районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.
Чаткал районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 27 млн 492,7 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:
- бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши – 558,4 миң сом;
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 846,0 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 7023,5 миң сом;
- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 3092,9 миң сом;
- товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын ченемден ашыкча чыгымдалышы – 1072,5 миң сом.
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастары – 967,7 миң сом;
- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 30,6 миң сом;
- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 1496,4 миң сом;
- эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 194,0 миң сом;
- дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 11954,2 миң сом;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөту тарабынан белгиленген босоголук суммадан ашкан суммага мамлекекттик сатып алуулар боюнча конкурстар өткөрүлбөстөн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү – 257,0 миң сом.
Чаткал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджет эсебинен аткарылган курулуш иштерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган 587,0 миң сомдук кошуп жазуулар, Сумсар айыл өкмөтүндөгү 1072,5 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, мындан тышкары Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү 386,0 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар, ошондой эле Чаткал айыл өкмөтүндөгү 1308,0 миң сомдук соцпакет каражаттарынын сарпталышы боюнча материалдар жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү мурунку аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталып, азыркы күнгө чейин калыбына келтирилбеген 619,2 миң сомдук курулуш иштерине кошуп жазуулар боюнча материалдар, укуктук баа берүү үчүн Жалал-Абад областтык прокуратурасына жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Тогуз-Торо финансы башкармалыгы, Тогуз-Торо районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.
Тогуз-Торо районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 1 млн 058,5 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 41,5 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы – 626,4 миң сом;
- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 66,7 миң сом;
- товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 49,7 миң сом;
- эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 147,5 миң сом;
- утурумдук болуп жаткан чыгымдарды эсепке алууда мыйзам талаптарынын сакталбашы (пландалган максатына жетпей сарпталган каражаттар) – 58,0 миң сом;
- дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 68,5 миң сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ала-Бука райондук финансы башкармалыгы, Ала-Бука районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.
Ала-Бука районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча - 126 млн 343,1 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун туура келбеши (киреше булагын туура эмес пландоо) – 780,0миң сом;
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 255,6миң сом;
- бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (Салыкка, СФга кошумча эсептөөлөр) – 1850,4 миң сом;
- бюджеттик сметада көргөзүлбөгөн чыгымдар – 19,0 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу – 47563,0 миң сом;
- капиталдык салымдарды сарптоодогу жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар – 20808,3 миң сом;
- эмгек акынын ченемден ашыкча төлөнүшү – 40,0 миң сом;
- товардык материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгашалары – 49,1 миң сом;
- негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу – 37581,8миң сом;
- мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы – 592,5 миң сом;
- тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу – 5210,0 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузууларга кирбеген бузуулар (муниципалдык жерлерди менчикке жана ижарага негизсиз берүү) – 10206,6 миң сом;
- бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү – 22,0 миң сом;
- эмгек акы, иш сапар чыгымына жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар, ашыкча төлөөлөр – 364,8 миң сом;
- дебитордук карызды бухгалтердик эсепке алуудагы бузуулар – 1000,0 миң сом.
Ала-Бука районунун Балтагулов айыл өкмөтүнүн жер балансындагы 0,68 га жер участогун менчикке берүүдө 2171,6 миң сомдук бюджеттик жоготуулар боюнча материалдар, Ала-Бука айыл өкмөтундөгү бак-дарак категориясындагы жерледи мөөнөтсүз 49 жылга ижара акысыз пайдаланууга берилип, 8035,0 миң сомдук бюджеттик жоготууга жол берилген фактылар боюнча материалдар, Көк-Таш айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылган курулуш иштериндеги 19254,5 миң сомдук бузуулар, 2815,0 миң сомдук негизсиз чыгымдар, “Көк-Таш техсервис” муниципалдык ишканасындагы 2010,0 миң сомдук каржы бузуулар жана “Көк-Таш тазалык” муниципалдык ишканасындагы 1385,0 миң сомдук каржы бузуулар, Көк-Серек айыл өкмөтүндөгү курулуш иштерине 16420,4 миң сомдук кошуп жазуулар, жалпы 52091,5 миң сомдук каржы бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн, Жалал-Абад областтык прокуратурасына жөнөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы эл аралык гранттардын эсебинен заманбап маалыматтык технологиялык (IT) жабдуулары менен жаңыланды.
Жабдууларды презентациялоо иш-чарасы 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткаруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишиндеги процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу максатында, 2023-жылдын 31-октябрында Эсептөө палатасында өткөрүлдү.
Аталган IT жабдуулар, КР Эсептөө палатасы мүчө болгон Азия жана Араб өлкөлөрүндөгү жогорку аудит органдарынын эл аралык уюмдары ASOSAI жана ARABOSAI тарабынан жарыяланган конкурска катышуунун жыйынтыгында, КР Эсептөө палатасы, анын төрагасы Алмазбек Шаршембиевич Акматовдун жетектөөсү алдында, жеңүүчүлөрдүн бири болуп табылып, берилген гранттардын эсебинен, сатылып алынды.
Аталган гранттардын эсебинен заманбап ноутбуктар, сканерлер, принтерлер жана башка керектүү жабдуулар сатып алынды.



Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2022-жыл аралыгындагы Кара-Балта шаарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Кара-Балта шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүнүштөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Кара-Балта шаарына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 5 млн 735,0 миң сом финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинде:
- каражаттарды сарптоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 5 651,0 миң сом, анын ичинен:
- эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 169,6 миң сом;
- материалдык баалуулуктарды жана эсепке берме суммаларды эсептегенде, акча каражаттарын, негизсиз эсептен чыгаруу – 16,7 миң сом;
- курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 2 317,0 миң сом;
- эсеп боюнча жашырылган дебитордук карыз – 3 147,7 миң сом.
Бюджеттин кошумча эсептелген кирешелери – 84,0 миң сом, анын ичинде:
- бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 84,0 миң сом.
Аныкталган бюджеттин рзервдери жана жоготуулары – 6 141,0 миң сом, анын ичинде:
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары-1 063,8 миң сом;
- эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 2 520,6 миң сом;
- бюджетин башка резервдери жана жоготуулары – 2 556,6 миң сом.
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 6 818,7 миң сом, анын ичинде:
- ТМБнын нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 6 818,7 миң сом.
Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган финансылык бузуулар – 3 848,9 миң сом.
Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн, Кара-Балта шаардык кеңешине маалымат, бардык аудит жүргүзүлгөн объектилерге жазма буйруктар жиберилди.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2022-жыл аралыгындагы Чүй областынын Москва районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Москва районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 7 млн 630,8 миң сом финансылык бузуулар аныкталган, анын ичинде:
- акча каражаттарынын жетпей калуусу жана уурдоолор – 9,4 миң сом.
- каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 7 454,0 миң сом, анын ичинде:
• эмгек акыны негизсиз төлөөлөр – 5 943,9 миң сом;
• бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 318,5 миң сом;
• курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 847,4 миң сом;
• эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 344,2 миң сом;
- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 167,4 миң сом, алардын ичинен;
• салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар – 7,3 миң сом;
• бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 160,1 миң сом.
Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары -9 587,0 миң сом, анын ичинде:
• товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары-83,7 миң сом;
• эмгек акы төлөөдөгү бузуулар – 243,6 миң сом;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 8 309,9 миң сом;
Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 7 493,4 миң сом, анын ичинде:
• ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар-7 493,4 миң сом.
Москва районунун бардык аудит жүргүзүлгөн мекемелерине, уюмдарына жана ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.
“Таза айыл" муниципалдык ишканасынын (уюштуруучусу Беловодск айыл өкмөтү) жана “Таза көчө” муниципалдык ишканасынын (уюштуруучусу Садовое айыл өкмөтү) ишитерине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттердин материалдары укуктук баа берүү үчүн Чүй областынын прокуратурасына жиберилди.
Аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар, тиешелүү айылдык кеңештерге карап чыгуу үчүн жиберилди.
2023-жылдын 24-октябрында Баку шаарында, Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Акматов, аудиторлор Алимжан Байгазаков, Зарылбек Сатаев Азербайжандын Туруктуу Өнүгүү боюнча Улуттук Координациялык Кеңеши тарабынан уюштурулган Туруктуу өнүгүү максаттары "ТӨМ 2023 Глобалдык Саммиттин жыйынтыгы боюнча ой жүгүртүү жана ТӨМдөрдү ишке ашырууда жогорку аудит органдарынын ролу” темасында 3-диалогго катышышты.
Бул иш-чара Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн, Парламентинин, эл аралык уюмдардын жана чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, ошондой эле Беларусь, Бразилия, Кувейт, Россия Федерациясы, Түркия жана Польша мамлекеттеринин Жогорку аудит жана контролдоо органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өттү.
Мындан тышкары, жогорку аудит органдарынын делегациясынын жетекчилери, Азербайжан Республикасынын Парламентинин Төрагасы Сахиба Али кызы Гафарова жана Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушуу өткөрүлдү.
Панелдик талкуулардын жүрүшүндө Алмазбек Акматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашырууда, талдоодо жана аудитордук иш-чаралардын сапатын күчөтүүдө, методологиялык базаны өркүндөтүү, анын ишин тездетүү ролу жөнүндө, аудиттин эл аралык стандарттарына өтүү жана кызматкерлердин кесипкөйлүгүн өнүктүрүү реформалары боюнча айтып берди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын ортосунда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда аудит жүргүзүү боюнча маселелер жана тажрыйба алмашуу боюнча жумушчу топтун жолугушуусу болуп өттү.
2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Батиров Пардаали Ирандын Тегеран шаарында өткөн ECOSAI Башкаруу кеңешинин 27-жыйынына жана ECOSAI Окутуу комитетинин 22-жыйынына катышты.
Сессиялардын жүрүшүндө ECOSAI ишмердүүлүгүнүн маселелери жана 2022-2023-жылдары өткөрүлгөн окуутуулар боюнча маалымат талкууланды. ECOSAI Башкаруучу кеңешинин отурумунун жыйынтыгында уюмдун 2022-2027-жылдарга стратегиялык планы бекитилди.
Маалымат үчүн: ECOSAI Башкаруу Кеңешинин (Экономикалык Кызматташтык Өлкөлөрүнүн Жогорку Аудит Институттарынын Уюму) курамына Кыргызстандын, Ирандын, Казакстандын, Пакистандын жана Түркиянын Жогорку аудит органдары кирет.


Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 27 жылдыгынын урматына, 2023-жылдын 16-октябрынан 18-октябрына чейин спорттун 5 түрү боюнча Эсептөө палатасынын Борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин ортосунда спартакиада өткөрүлүдү.
Спартакиаданын салтанаттуу ачылышына Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлор, кызматкерлер, курама командалар, ошондой эле күйөрмандар катышышты. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: бильярд, волейбол, стол үстүндөгү теннис, шахмат, футбол. Ал эми 19-октябрда спартакиаданы жыйынтыктап, байгелүү орундарды алган командаларга, ошондой эле Эсептөө палатасынын мыкты кызматкерлерин сыйлоо аземи болду. Сыйлоо аземинде Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов эмгек жамааттын кесиптик майрамы менен куттуктап, өлкөдө финансылык контролдоонун таасирдүү системасын түзүүгө жана финансылык контролдоонун деңгээлин жогорулатууга кошкон салымы маанилүү экендигин белгилеп, байгелүү орундарды алган командаларга жана Эсептөө палатасынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Ал эми спорттук мелдештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү командалар байгелүү орундарга ээ болду.
Волейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы:
1-орун - КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшү.
2-орун - КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппараты.
3-орун - КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү.
Шахмат боюнча мелдеште:
1-орун Абдыманапов Калынур
2-орун Асылбеков Бакыт
3-орун Осмонов Чолпонбек
Футбол боюнча мелдеште:
1-орун - КР Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү.
2-орун - КР Эсептөө палатасынын Борбордук аппараты.
3-орун - КР Эсептөө палатасынын Ош ш., Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймакттык бөлүнүшү.
Стол тенниси боюнча (мырзалар арасында)
1-орун Касымов Нурсултан
2-орун Адиев Эдилбек
3-орун Итигулов Кубан
Стол тенниси боюнча (айымдар арасында)
1-орун Осконбаева Жамиля
2 -орун Джумабаева Клара
3-орун Адамкулова Салтанат
Бильярд боюнча мелдеште:
1-орун Сакиев Мирлан
2-орун Адиев Эдил
3-орун Усупов Алмаз
Спартакиада спортту жана сергек жашоону даңазалоо жана жайылтуу, командалык духту түзүү, ошондой эле спартакиадага катышкан мыкты командаларды аныктоо максатында өткөрүлдү.















2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” Коомдук фондунун ишине 2019-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” Коомдук фондунда 810 млн 256,8 миң сомдук каржы бузуулары аныкталган, анын ичинде:
- Фонддун финансылык каражаттарын чыгымдоодо 51 млн 835,0 миң сом суммасындагы бузуулар жана кемчиликтер.
- Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча долбоорлорду/программаларды баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия, коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган, анын натыйжасында Фонд тарабынан 758 млн 421,8 миң сом каржыланган.
Аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.




2023-жылдын 6-11-октябрь күндөрү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында кызматкерлердин Польшанын Жогорку Эсептөө органынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Польшанын Жогорку аудит органы жана INTOSAI Өнүктүрүү демилгесинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уюштурулду.
Бир жумага созулган жыйындын жүрүшүндө «Эсептөө палатасынын стратегиялык башкаруусу» компонентинин алкагында бир катар негизги аспектилер каралып, кеңири талкууланды:
1. INTOSAI профессионалдык билдирүүсү жана стратегиялык башкаруу системасы – аталган теманын алкагында польшалык эксперттер өз билимдери жана тажрыйбалары менен бөлүштү, бул өз кезегинде биздин кызматкерлер үчүн системаны колдонуу ыкмаларын кеңири изилдөөгө мүмкүнчүлүк берди.
2. АЖОнун IFPP стратегиялык менеджменти – польшалык эксперттер бул маселе боюнча практикалык билимдерин сунушташты жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында аны колдонууну талкуулашты.
3. Сапатты көзөмөлдөө, сапатты камсыздоо жана стратегиялык менеджмент – Польшадан келген эксперттер бул жааттагы тажрыйбалары менен кеңири тааныштырды, бул өз кезегинде иш-чаранын катышуучуларына аталган тема тууралуу толугурак маалымат алууга жол ачты.
11-октябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын жана аудиторлорунун катышуусунда жыйынтыктар жана корутундулар чыгарылып, мындан аркы иш-чараларды уюштуруу жолдорун талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Польшанын Жогорку аудит органынын өкүлдөрүнө өлкөдөгү аудитордук ишмердүүлүктү баалоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле бул жаатта эл аралык кызматташтыктын жана билим алмашуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Аталган жолугушуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишинин потенциалын жогорулатуу жана эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча үч тараптуу Кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча эки АЖОнун ортосундагы кызматташуунун башталышы болду.






Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-2022-жылдар аралыгына (4 жыл үчүн: 2019-жыл, 2020-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл) карата бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:
- Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер 310928,9 миң сом;
- мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;
- эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;
- мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар 27917,2 миң сом.
Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249047,0 миң сомдун ичинен 152596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17 жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.
КРУКМК Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:
- Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча Отчет;
- “Covid-19” коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына 8750 кг (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу “Дөөлөт Трейдинг” ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер “А.Н. Бектурганов”) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;
- К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.


2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын башчысы, Филиппиндин Манила шаарында жайгашкан АӨБнын башкы кеңсесинин мамлекеттик башкаруу боюнча башкы адиси Анжум Исрар менен жолугушту.
Жолугушууда АӨБ тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлүп жаткан "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү" техникалык жардамын ишке ашыруунун жүрүшүн жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Иш чаранын жыйынтыгында, катышуучулар республиканын мамлекеттик башкаруу институттарын мындан ары өнүктүрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен АӨБ ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.



2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагалыгы астында Көз карандысыз мамлекеттердин кызматташтыгына мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ХХ сессиясы видео-байланыш аркылуу болуп өттү. Иш чара “Мамлекеттик аудиттин көз карандысыздыгын камсыз кылуу” темасынын алкагында өткөрүлдү.
Сессиянын жүрүшүндө мамлекеттик башкаруунун жогорку органдарынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу маселелери талкууланды. Анда, Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик аудит органдарынын, ошондой эле КМШнын Аткаруу комитетинин жетекчилери баяндама жасашты.
Сессиянын жыйынтыгы боюнча XX сессиянын резолюциясы жана чечими кабыл алынып, ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин мамлекеттик аудиттин (финансылык контролдоонун) жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин XX жана XXI сессияларынын ортосундагы мезгил аралыгына иш планы бекитилди.




Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Аудитке шаардык мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Таш-Көмүр финансы башкармалыгы, Таш-Көмүр шаарынын айыл өкмөттөрү, шаардагы өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды. Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 5612,1 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 1126,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 120,3 миң сом, ордуна коюлбаганы 1005,8 миң сомду түздү, бузуулардын классификатору боюнча:
– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, туумдарды жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөнү 3,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда ордуна коюлган жок;
– кызматкерлердин эмгегине акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар (кызматтык акыларды, үстөк акыларды негизсиз көтөрүү, ашыкча штат бирдигин кармоо, негизсиз берилген сыйлык жана башка кошуп төлөөлөр) 4582,9 миң сом, андан ордуна коюлууга тийш болгон сумма 118,5 миң сом, толук ордуна коюлган;
– курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу 995,9 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;
– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 21,6 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчу майлар, электр энергиясына салынган жазаналар);
– эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргузүүдөгу бузуулар 8,4 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, 1,8 миң сом калыбына келтрилген, 6,6 миң сом калыбына келтирилген жок.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад шаарынын социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Аудитке Жалал-Абад шаардык Кеңеши, Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгы жана Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу бюджеттик мекемелер жана муниципалдык ишканалар камтылды. Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпысынан – 4228,9 миң сомдук финансылык четтөөлөр (бузуулар) аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 4173,1 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 1923,2 миң сом, ордуна коюлбаганы 2249,9 миң сомду түздү, бузуулардын классификатору боюнча:
– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча,алар боюнча туумдарды жана айып пулдарды эсептө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөнү 772,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 50,4 миң сом ордуна коюлган;
– бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 18,9 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
– курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу 2820,6 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, аудит убагында 1331,2 миң сом калыбына келтирилген, андан бюджетке 20,0 миң сом, мекемеге 1311,2 миң сом;
– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашкча чыгымдалышы 55,8 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (күйүүчу майлар);
– негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 11,3 миң сом, аудит учурунда мекемеге калыбына келтирилди;
– товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарды ннегизсиз чыгымдоо 5,3 миң сом, ордуна коююлган жок.
– эмгек акы, сапар чыгымы, пособие, компенсация жана башка төлөөлөрдү жүргузүүдөгу бузуулар 14,7 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, калыбына келтирилген жок;
– мамлекеттик сатып алуулардагы башка бузуулар 530,3 миң сом, бул сумма толук ордуна коюлду, анын ичинен республикалык бюджетке 117,1 миң сом, мекемеге 413,2 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Ош областынын Алай районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021- 2022-жылдар аралыгына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгы, Алай районунун айыл өкмөттөрү, райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылды.
Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 6687,5 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон финансылык бузуулар 5962,0 миң сом, аудит учурунда ордуна коюлганы 3664,7 миң сом, ордуна коюлбаганы 2297,3 миң сомду туздү, бузуулардын классификатору боюнча:
– бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы жана өз учурунда төлөнүшү, туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө, контролду жүргүзүү чараларын көрүлбөшү (бюджетке жана СФ кошумча эсептөөлөр) 161,8 миң сомду түзгөн, аудит учурунда 159,0 миң сом ордуна коюлган, ордуна коюлбаганы 2,8 миң сом;
– бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 20,6 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлду;
– курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы 1576,9 миң сом, толук ордуна коюлуууга тийиш, ордуна коюлган жок;
– муниципалдык кызмат көрсөтүүдөгү бузуулар 235,2 миң сом, ордуна коюлууга жатпайт (ишкана мекемелер менен коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча (тазалык) келишимдер түзүлбөстөн кызмат көрсөтүлгөндүктөн кирешелердин түшпөй калышы);
– товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 127,5 миң сом, анын ичинен 41,6 миң сому ордуна коюлууга жатат, ордуна коюлган жок;
– кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар 459,2 миң сом, андан ордуна коюлууга тийиш болгон сумма 54,8 миң сом, 53,8 миң сом ордуна коюлган;
– негизги каражаттардын кириштөө тартибин бузуу, белгиленген тартипте бухгалтердик эсепке алынбай калган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктөрдүн болушу 235,4 миң сом, аудит учурунда мекемеге толук калыбына келтирилди;
– мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы 17,9 миң сом, мекемеге калыбына келтирилди;
– тастыктоочу документтери жок туруп, мүлктү жана товардык материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу жана мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү мыйзамга ылайыксыз эсептен чыгаруу 17,7 миң сом, ордуна коюлду;
– дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу 3835,3 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, аудит учурунда 3160,3 миң сому мекеменин эсебине калыбына келтирилген.


















