Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Кыргызстандын Эсептөө палатасынын кызматкерлери КМШга мүчө-мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кеңешинин өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча семинарга катышты. Иш-чара 24-январда онлайн режиминде өттү. Семинарга Таиланд Королдугунун Мамлекеттик аудит башкармачыгынын өкүлдөрү да катышты.

Жолугушууда АСЕАН өлкөлөрүндөгү АЖОнын көз карандысыздыгы боюнча «Жакшы келечекти түзүү үчүн алдын ала болжолдоо инструменттерин киргизүү» изилдөөсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле заманбап дүйнөдө АЖОнын ролун трансформациялоо маселелери талкууланды. Негизги баяндаманы Таиланд Королдугунун Мамлекеттик аудит башкармалыгынын Эл аралык иштер департаментинин директору доктор Суттхи Сунтаранурак жасады.

Тараптар ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин жогорку мамлекеттик аудит органдарынын мындан аркы кызматташуусун талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 13-декабрындагы № 118 «Өрт коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү максатында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборуна коопсуздугу боюнча тиешелүү окууларды уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган.

Буга байланыштуу 24-январда КР Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жамааты өрт коопсуздугу жана жарандык коргонуу боюнча окуу иш-чараларына катышты жана тийиштүү инструкцияларды алышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өтө зарыл болгон компоненттердин бири бул адистердин кесипкөйлүгү. Андыктан жамааттын билим деңгээли корпоративдик маданияттуулуктун ажырагыс бөлүгү катары дайым жетекчиликтин көңүлүнүн чордонунда болуп келет. Агартуулук иштери дайым чоң каражаттарды талап кылат. Эксперттерди жалдоо, өткөрүү ордун даярдоо, дагы башка уюштуруучулук иштерине көп чыгымдар талап кылынат. Бирок Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жаңы санарип технологияларын колдонуу менен көптөгөн чыгымдарды жокко чыгарган, ал эми өз багытын жакшы билген мекеменин адистери өздөрү эксперт катары тренингдерди өткөрүп келишет.

Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн кызматкерлери үчүн онлайн техникалык окутуу өткөрүлдү.

Алар мамлекеттик кызматтын этикалык негиздерин камтыган маселелер боюнча кенен маалыматтарды алышты, алардын арасында:

-Мамлекеттик  аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулардын электрондук классификаторун практикалык колдонуу;

-2007-жылдын 7-майындагы  №76 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин сакталышы;

-“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында кызматтык колдонуу үчүн, маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” Жобонун сакталышы;

-“INFODOCS” Электрондук документтердин жүгүртүүнүн электрондук тутумун практикалык колдонуу;

-Сабаттуу жазуу;

-Ички эмгек жана иш тартибинин эрежелери жөнүндө;

-КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикасы;

-“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамы;

-КР Эсептөө палатасында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча чаралар.

“Мындай агартуулук иш-чаралары Эсептөө палатасында системалык жолго коюлган. Бул жаңы жылдан кийинки биринчи окутуубуз. Кыргыз тилин мыкты өздөштүрүүдө, этика нормаларын сактоодо жана классификаторду колдонууда өзүбүздүн кызматкерлер эксперттик ролду аткарып, ар ким өз багыттары боюнча аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлерине санариптик технологияларды колдонуу менен онлайн окутууну жүргүзүштү”, - дейт Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Адам ресурстарын өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Абакирова.

13-январда Эсептөө палатасынын Кеңешинде “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин негизинде 2022-жылы мамлекеттик кызматка жаңыдан кирген кызматкерлер ант беришти.

КР ЭПнын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери иш-чарага онлайн режиминде катышты.

Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жаңы келген мамлекеттик кызматкерлерди куттуктап, Кыргызстандын Эсептөө  палатасынын ишмердүүлүгүн мындан ары өркүндөтүү үчүн биргелешип, ачык-айкын жана натыйжалуу иштөөгө үндөдү.

Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!
Жаңы жыл - бул ар дайым жакшылыктын үмүтү, келе жаткан жыл жакшы өзгөрүүлөрдүн жана жаңы жетишкендиктердин жылы болот деп ниет кылабыз. Салт боюнча өтүп бара жаткан жылды эскерүү менен урматтап жөнөтөбүз. Ал оңой болгон жок жана көптөгөн сыноолорду алып келди. Бирок ошол эле учурда ал биздин башыбызы бириктирди. Бардык тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жаңы күч берди.
2022-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, Эсептөө палатасы мамресурстарды башкарууда сапаттуу аудит жүргүзүү аркылуу жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу үчүн иштеди. Келерки жылы КР ЭПсы өз кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуунун, алдыга коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруунун үстүндө иштөөнү улантат. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, коррупцияны жана финансылык бузууларды сүрүп чыгаруу – мунун бардыгы Кыргызстан элинин бакубаттуулугунун кепилдиги экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет.
Келе жаткан жыл жаратмандыктын жана ынтымактын жылы болуп, бакубатчылык жана тынчтык алып келсин. Жаңы жылда Сиздерди жакшылыктын, чын ыклас жана түшүнүшүүнүн атмосферасы курчап турушун каалайм. Умтулган бийиктикке жетиңиздер, каалоолоруңуздар орундалсын. Сиздерге жана жакындарыңызга бакыт-таалай, чың ден-соолук жана бакубатчылык тилейм!

Жаңы 2023-жылыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

Чын жүрөктөн чыккан тилектер менен,
КР ЭПнын төрагасы Алмазбек Акматов.

Жаңы жылдын алдында КР Эсептөө палатасынын кызматкерлери Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө барышты. Төрага Алмазбек Акматов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери бөлүмдүн жаш пациенттерин, алардын ата-энелерин жана медицина кызматкерлерин келе жаткан майрамы менен куттукташты.

 «Мен бул оору менен күрөшүп жаткан балдардын эрдигине жана туруктуулугуна суктанам. Баарыңардын тезирээк сакайып кетишиңерди жана бул жерге кайра кайтып келбешиңерди каалайм. Эң негизгиси, ден-соолугуңуздар мыкты болсун, бактылуу болгула. Балдар биздин келечегибиз, мамлекетибиздин келечеги. Баарыңарды сак-саламатта көргөндөн өткөн бакыт жок. Ошондой эле бардык дарыгерлерге, медицина кызматкерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин тынымсыз эмгегиңиздер чыныгы сыйкырдуулук жаратып жатат», — деди Алмазбек Акматов.

Салт боюнча Эсеп палатасынын кызматкерлери быйыл да жаңы жылдык корпоратив өткөрүүдөн баш тартышты. Кызматкерлер өздөрүнүн жеке каражаттарынан оорулуу балдарга жардам берүү үчүн кайрымдуулук акциясын уюштурушту. Балдарга таттуу белектер, түркүн-түстүү китептер алынып, балдар онкологиясы жана онкогематология бөлүмүнө даары-дармектерди сакташ үчүн муздаткычтар берилди.

«Бардык ата-энелердин, бөлүмдүн кызматкерлеринин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргызстандын Эсептөө палатасына белектери үчүн терең ыраазычылык билдиргим келет. Бизге 150 миң сомго жабдууларды, белектерди сатып беришти. Мындай колдоо биз үчүн абдан маанилүү”, - деди Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова.

Мындан тышкары, Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери Ак-Суу мектеп-интернатынын тарбиялануучуларын жаңы жылы менен куттукташты. Мекемеде көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү, жетим балдар, ошондой эле ата-энеси укуктан ажыратылган балдар тарбияланат. Интернаттын директору өз кезегинде Эсеп палатасынын өкүлдөрүнө ыраазычылык кат тапшырды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүштөрүнүн жамааттары Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин жана Кара-Суу районундагы керең балдар үчүн адистештирилген бакчасына жаңы жылдык белектерин тапшырууга барышты.

 

Үстүбүздөгү жылдын 23-декабрында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик  аудиттин жогорку органдарынын мамлекеттик финансылык контролдоонун (аудиттин) стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобунун XIX отуруму
видео конференция байланыш режиминде өттү.

Отурумдун ишине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Н.Б. Осмонов башында турган жумушчу тобунун мүчөлөрү катышты.

Отурумдун жүрүшүндө 2021-2023-жылдарга Жумушчу тобунун
иш-планын аткаруу жана аны андан ары ишке ашыруу маселелери каралды.

Маалымат үчүн:

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын мамлекеттик финансылык контролдоонун (аудиттин) стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобу 2010-жылы түзүлгөн.

21-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери “Дүйнөлүк банктын сатып алуунун жол-жоболору” аттуу тренингине катышты.

Кыргызстан Дүйнөлүк банкка 1992-жылы киргенден бери банк жалпы суммасы 2,7 миллиард долларды түзгөн 148 долбоорду каржылаган.

Иш-чараны ачып жатып, КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов мамлекеттик аудиттин жогорку органы менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бул тренинг Борбордук аппараттын жана Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга багытталган. Семинардан алган билим жана тажрыйба биздин адистерге каржылык көзөмөл тармагындагы натыйжалуу иштерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берет деп ишенем», - деди Эсептөө палатасынын жетекчиси.

Тренингдин жүрүшүндө Дүйнөлүк банк тобу жана анын Кыргыз Республикасындагы программасы, бул программанын алкагында каржыны башкаруунун тартиби жөнүндө маалымат угулду. Баяндамачылар 2022-жылга Дүйнөлүк банктын сатып алуу концепциясына сереп салып, ошондой эле товарларды, жумуштарды, консультациялык жана консультациялык эмес кызматтарды тандоо ыкмалары жөнүндө айтып беришти. Мындан тышкары, Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү сатып алуулардын стандарттык документтери жана товарларга жана жумуштарга сунуштарды баалоо жөнүндө кеңири маалымат беришти.

«Биз бул семинарды Кыргызстандагы учурдагы долбоорлорубуз жөнүндө айтып берүү, ошондой эле каржыны башкаруу ыкмалары жана сатып алуу эрежелери менен бөлүшүү үчүн уюштурдук. Мындай практика Дүйнөлүк банк тарабынан жыл сайын жүргүзүлөт. Бүгүнкү тренинг Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин күнүмдүк практикасы үчүн абдан пайдалуу болоруна ишенебиз. Биз узак жана жемиштүү кызматташуу уланаарына ишенебиз”, - деп жыйынтыктады Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча улук адиси Ирина Гончарова.

16-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында Россия Федерациясынын Эсептөө палатасы менен тажрыйба алмашуу боюнча онлайн семинарга катышты.

Семинардын темасы «Коррупцияга каршы аракеттердеги Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын орду жана ролу» болду.

КМШга мүчө-өлкөлөрүнүн мамлекеттик финансылык көзөмөлдүн жогорку органдарынын кызматкерлери коррупцияга каршы аракеттердин натыйжалуу ыкмасын иштеп чыгуунун, ошондой эле аны менен күрөшүү боюнча натыйжалуу чараларды көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Жогорку мамлекеттик аудит органдары коррупцияга каршы аракеттердин жалпы улуттук тутумунда маанилүү элементтердин бири болуп саналат.

Коррупциянын социалдык-экономикалык өнүгүү процесстерине терс таасири, жакырчылыкка каршы күрөш, жарандардын демократиялык мамлекеттин институттарына болгон ишениминин төмөндөшү коррупцияга каршы саясатты улуттук масштабда гана эмес, ошондой эле мамлекеттер аралык деңгээлде иштеп чыгууну талап кылат.

Иш-чаранын соңунда бардык катышуучулар коррупцияга каршы күрөштө мындан аркы кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.

8-декабрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери КМШнын мучө-мамлекеттеринин Жогорку мамлекеттик аудит органдарынын жетекчилеринин кенешинин алкагында россиялык кесиптештери менен тажрыйба алмашуу боюнча кезектеги онлайн семинарга катышты.


Негизги баяндамачылар Россия Федерациясынын Эсеп палатасынын сатып алуулар жана энергетикалык комплекс чөйрөсүндөгү Аудит департаментинин өкүлдөрү болушту.


Видеоконференциянын жүрүшүндө сатып алуулар чөйрөсүндөгү аудиттин методологиясы, сатып алуулар чөйрөсүндө финансылык көзөмөлдөө жүргүзүүдө IT-чечимдерди колдонуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө аудиттин жүрүшүндө аныкталган типтүү тартип бузуулар кеңири талкууланды.


Иш-чаранын соңунда тараптар КМШ өлкөлөрүндө аудитти көзөмөлдөө тутумун өркүндөтүү үчүн өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов карызды башкаруу боюнча маселе талкууланган БУУнун соода жана өнүктүрүү боюнча XIII конференциясына (ЮНКТАД) катышты. Иш-чара 5-9-декабрда Женевада өттү.


Конференциянын алкагында катышуучуларга өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз чөйрөсүндөгү учурдагы өзгөрүүлөр жана кеңири макроэкономикалык контекстте карызды башкаруу маселелери боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгү берилди. Конференция Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жолун жана каржы ресурстарын мобилизациялоодо жаңы технологиялардын ролун кайра баалоо максатында, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карызды жою жөндөмүнө глобалдык кризистердин таасир этишин изилдеди.


Маалымат үчүн: 1964-жылы туруктуу өкмөттөр аралык орган катары түзүлгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясы (ЮНКТАД) Башкы Ассамблеянын соода жана өнүгүү чөйрөсүндөгү маселелер боюнча негизги органы болуп саналат. Ага айрыкча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн соода-экономикалык өнүгүшүн тездетүү тапшырылган.

2022-жылдын 6-декабрында Эсептөө палатасынын Аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлери INTOSAI менен донорлордун кызматташтыгынын алкагында иштелип чыккан “Жогорку аудит органдарынын жоопкерчилигинин глобалдык демилгеси” (GSAI) программасына катышуу боюнча ИНТОСАИ өнүктүрүү демилгесинин өкүлдөрү менен эки тараптуу онлайн жолугушууга катышышты.

Жолугушууда кызматташуу процесстери, донорлорду, өнөктөштөрдү тандоо жана 2022-2026-жылдарга Эсептөө палатасынын Стратегиялык өнүгүү планын ишке ашырууга жана потенциалын күчөтүү үчүн техникалык колдоонун маселелери талкууланды.

Мурда Эсептөө палатасы GSAI алкагында техникалык колдоо көрсөтүү үчүн жогорку аудит органдарынын INTOSAI өнүктүрүү демилгесинин тандоосуна  катышкан. Кийинчерээк, Эсептөө палатасы техникалык колдоо көрсөтүү үчүн тандалып алынган жогорку аудит органдарынын тизмесине киргизилген.

Маалымат иретинде:

INTOSAI – Жогорку аудит органдарынын эл аралык уюму. Жогорку аудит органдарына өз ара колдоо көрсөтүү максатында туруктуу мекеме катары түзүлгөн, автономдуу, көз карандысыз, кесипкөй жана саясий эмес уюм.

2022-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппараттын кызматкерлери жана аудит өткөрүлгөн объектилердин жетекчилери катышты.

Кеңеш 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде бюджеттин аткарылышынын аудитинин отчетторун карап, бекитти. Ошондой эле күн тартибине “Туратали базары” мамлекеттик ишканасынын 2021-жылга жана “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын 2019-2021-жылдарга карата ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы кароо киргизилген.

Бирок өзгөчө көңүл Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек министрлигинин текшерүүсүнүн жыйынтыгына бурулган.

Саламаттык сактоо министрлигинде аудиторлор 29215,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныктаса, анын 17350,8 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875,1 миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле, 11099,1 миң сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1163,4 миң сомдук материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгаруу катталган. Командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү 100,8 миң сомду түздү. 3314,3 миң сомдук дебитордук карызды жаап-жашыруу аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13007,2 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22795,8 миң сомду түзгөн.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган. Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабастан, министрлик коляскаларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алган эмес, бааларды көзөмөлдөө жүргүзүлгөнэмес. Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Сатып алуунун баасын талдоо көрсөткөндөй, сатып алынган коляскалардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1617,0 миң сомду түздү.

Аудит текшерүүсү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо сатып алууда да мыйзам бузууларды аныктаган. 2021-жылы бул максаттарга бюджеттик каражаттардын кассалык чыгашалары 55 848,3 миң сомду түздү (смета боюнча пландаштырылган 89 999,0 миң сомдун ордуна), анын ичинен 35 319,5 миң сому 2020-жылдагы кредитордук карызды жабууга багытталган. Ошентип, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жолдомо сатып алуу үчүн пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын суммасы 34150,7 миң сомду түздү. Бул каражатка дагы 2529 жолдомо сатып алууга мүмкүн болгон.

Бул мыйзам бузуулар боюнча маалымат тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 30‑июнундагы №394-VII “

Кенен маалымат...

Эсептөө палатасынын кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты 17-ноябрда

Кенен маалымат...

КР Эсептөө палатасынын өкүлдөрү 16-ноябрда КМШ мамлекеттери катышкан Мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын (каржылоо көзөмөлү)

Кенен маалымат...