Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2019-жылдын 28-октябрында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповду кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2019-жылдын 18-октябрында Эсептөө палатасынын түзүлгөндүгүнүн 23 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2019-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

2019-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Кеңештин жыйынына Эсептөө палатасынын Кеңешинин мүчөлөрү, Аппарат кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

2017-2018-жылдары Кыргыз Республикасынын Баткен районунун айыл аймактарынын бюджеттеринде 1 млн. 182,3 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын делегациясы 194 мамлекеттин жогорку аудит органдарын бириктирип турган ИНТОСАИ Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун XXIII Конгрессинин ишине катышууда.

Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу бюджеттик мекемелеринде жана чарба эсептеги түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 1 млн. 624,3 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды.

Нарын областындагы Ат-Башы районунун айыл өкмөттөрүнүн бюджетинде 4 млн. 135,4 мин сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

Чүй областындагы Жайыл районунун жергиликтүү бюджеттерине жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 3,1 млн. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.
Чүй областынын Москва районунда 5,5 млн. сом суммасында бюджеттин корлору жана жоготуулары аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-2017-жылдар аралыгында Чүй областынын Москва районунун жергиликтүү бюджеттерин түзүү жана аткарууга, ошондой эле бюджеттик мекемелердин бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын колдонулушуна аудит жүргүзүлдү.

2017-2018-жылдар аралыгында Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 31 млн. 308,3 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында 2019-жылдын 16-сентябрынан 28-сентябрына чейин мекеменин кызматкерлери үчүн электрондук мамлекеттик сатып алуулардын маалыматтык аналитикалык системасын колдонуу боюнча тренинг жүргүзүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган жумушчу топ 2019-жылдын 2-6-сентябрында Белград шаарында (Сербия) Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (INTOSAI) Өнүктүрүү демилгеси тарабынан уюштурулган «Аудиттин жогорку органдарынын натыйжалуулугун баалоо системасы (SAI PMF)» программасынын алкагында кезектеги жолугушууга катышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 2019-жылдын 3-сентябрында Пекин шаарында Кытай Элдик Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин Башкы аудитору Ху Цзецзюнь айым менен жолугушту.

Урматтуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери, Сиздерди 31-август Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

2019-жылдын 26-августунда эл аралык кызматташтыктын Япон борбору тарабынан (JICE) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн, Япон гранттык жардамы долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын арасында кадрларды даярдоодо стипендияларды берүү боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү.

2019-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду. Анда Кеңештин мүчөлөрү- төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов, Акылбек Тумонбаев, аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери жана аудит жүргүзшкөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери катышты.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн, 2019-жылдын 2-3-августунда “Мамлекеттик карызга аудит” темасында семинар уюштурулган.

Бүгүн, 2019-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болду ага Кеңештин мүчөлөрү – төрага Улукбек Марипов, аудиторлор – Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери жана аудит объектилеринин жетекчилери катышты.

2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш-чаралар планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2018-жылга карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө, республикалык бюджетке чегерилген кирешелердин эсептелишинин тууралыгы бөлүгүнө аудит жүргүзүлгөн.