Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баштаган жумушчу топ 2019-жылдын 2-6-сентябрында Белград шаарында (Сербия) Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун (INTOSAI) Өнүктүрүү демилгеси тарабынан уюштурулган «Аудиттин жогорку органдарынын натыйжалуулугун баалоо системасы (SAI PMF)» программасынын алкагында кезектеги жолугушууга катышты.







