2019-жылдын 26-августунда эл аралык кызматташтыктын Япон борбору тарабынан (JICE) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн, Япон гранттык жардамы долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын арасында кадрларды даярдоодо стипендияларды берүү боюнча маалыматтык семинар өткөрүлдү.
2019-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болду. Анда Кеңештин мүчөлөрү- төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов, Акылбек Тумонбаев, аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери жана аудит жүргүзшкөн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери катышты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн, 2019-жылдын 2-3-августунда “Мамлекеттик карызга аудит” темасында семинар уюштурулган.
Бүгүн, 2019-жылдын 4-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болду ага Кеңештин мүчөлөрү – төрага Улукбек Марипов, аудиторлор – Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Вадим Садовников, Айжан Садыркулова, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Акылбек Түмөнбаев, ошондой эле Эсептөө палатасынын аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлери жана аудит объектилеринин жетекчилери катышты.
2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитордук иш-чаралар планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2018-жылга карата, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсептерин тейлөө, республикалык бюджетке чегерилген кирешелердин эсептелишинин тууралыгы бөлүгүнө аудит жүргүзүлгөн.
Бүгүн, 2019-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши пленардык отурумда, 2018-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иши жөнүндө отчетту канааттандырарлык деп тааныды.
Урматтуу кесиптештер!
Жарандардын бакубат жашоосу үчүн биринчи кезекте өнүккөн экономиканы куруу ар бир мамлекеттин негизги максаты. Ал эми өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн дасыккан, кесипкөй адистердин болуусу абдан маанилүү. Адам ресурстарынын потенциалын эффективдүү колдонуу менен гана гүлдөп-өнүккөн коом курууга жетишүүгө болот.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жана ага караштуу мекемелеринин бюджеттик, атайын жана башка каражаттарынын пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү.
Аудиттин жүрүшүндө мамлекеттик комитетинин алдындагы "Энергодолбоор" Кыргыз мамлекеттик илим-изилдөө жана долбоордук-издеп табуу институтунда 7 626,6 миң сомдук ашырылган насыялык карыз, ошондой эле, эмгек акыны төлөөдөгү 4 549,7 миң сомдук бузуулар аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына пландуу аудит жүргүзүлгөн.
Аудиттин жүрүшүндө жалпы 21,4 млн. сом суммасында каржы бузуулары аныкталган.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын пайдаланышына пландуу аудит жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кадамжай районунун бюджеттик мекемелеринде жана айылдык округдарында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына аудит жүргүзүлдү. Аудитке райондук мамлекеттик администрация, КР каржы министрлигинин Кадамжай башкармалыгы, он үч айыл аймактарында, Айдаркен, Кадамжай шаардык мэриялары жана Кадамжай районундагы өзүн-өзү башкаруу органдарынын муниципиалдык ишканалары камтылды.
КР Эсептөө палатасы тарабынан 2017-жылга карата КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жана анын ведомстволук түзүмдөрүнүн бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметасынын, атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына, башка каражаттардын пайдаланышына жана ишине пландуу аудит жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинде жана анын ведомстволук ишканаларында бюджеттик жана атайын каражаттардын пайдаланылышына аудит жүргүздү.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Аялдардын Эл аралык күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул иш-чарага жетекчилик жана эмгек жамааты катышты.
Бүгүн, 2019-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Зарылбек Сатаев, Алимжан Байгазаков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Алмасбек Султанкулов, Айжан Садыркулова жана Вадим Садовников, Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.
Европа Биримдигинин “Социалдык коргоо секторун реформалоо боюнча келишимди ишке ашырууда техникалык жактан колдоо” долбоорунун көмөктөшүүсү менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлерине CIPA программасынын “Салык” жана “Укук” багыты боюнча окутуунун курсу уюштурулду жана өткөрүлдү. Окутуудан 25 адам өттү. Мурда Эсептөө палатасы тарабынан “Финансылык эсепке алуу-1”, жана “Башкаруу эсеби-1” багыттары боюнча курстар өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жана анын ведомстволук жана түзүмдүк мекемелеринде республикалык бюджеттин, ошондой эле бюджеттик каражаттардын чыгымдар сметаларынын жана атайын эсептин кирешелер жана чыгымдар сметаларынын аткарылышына аудит жүргүздү.
Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында Мекенди коргоочу күнүнө арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Бул иш-чарага жетекчилик жана эмгек жамааты катышты. Айымдар коллегаларын майрамы менен куттукташты.
2019-жылдын 21-февралында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү. Кеңештин отурумуна - төрага Улукбек Марипов, аудиторлор - Алимжан Байгазаков, Заирбек Жоошбеков, Ишенбек Медетов, Акылбек Түмөнбаев, Зарылбек Сатаев, Алмасбек Султанкулов жана Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын кызматкерлери, аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүнүштөрүнүн кызматкерлерин техникалык окутуу аяктады. Окутуунун программасында негизги басым коррупцияга каршы саясат, кызматкерлердин этикасына жана жалпысынан Эсептөө палатасынын ишин жакшыртууга жасалды.







