Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

“Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасында жана анын филиалдарында 29 млн 069,5 миң сом каржы бузуулары аныкталды

2023-жылдын 6-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасына жана анын филиалдарына жүргүзүлгөн аудиттин отчету каралды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2021-2022-жылдар мезгил аралыгына карата “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын жана анын филиалдарынын ишине шайкештик аудитин жүргүзгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында баардыгы болуп, 29 млн 069,5 миң сом суммасындагы каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен:

  1.  “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалы боюнча товардык -материалдык баалуулуктардын калдыгына жүргүзүлгөн тандалма аудитте бухгалтердик эсепте турган 12 товардык-материалдык баалуулуктардыи ичинен 340,9 миң сом кем чыгуулар аныкталган (ордуна коюлду).
  2.   “Ош райондор аралык жылуулук менен камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси” филиалы боюнча республикалык бюджетке которулууга тиешелүү ижара акысы 155,0 миң сомду түзгөн.
  3. “Балыкчыдагы жылуулук менен жабдуу ишканасы” филиалында  техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүлбөй туруп, “Балыкчыдагы жылуулук жабдуу ишканасы” филиалы менен “Айкуп строй” ЖЧКсынын ортосунда 2022-жылдын 24-октябрындагы №64 “100м3 резервуарды 50м3 резервуар менен алмаштыруу жөнүндө” 1 130,4 миң сомго жумуштарды аткаруу боюнча келишим түзүлгөн жана иштер аткарылган. Откана көмүр менен иштегендиги аныкталып,  мазутка которуу боюнча болжолдонгон пландар кийин ишке ашкан эмес. Жыйынтыгында, резервуарды алмаштыруу зарылчылыгы жок болуп, учурда резервуар иштебегендиктин натыйжасында   1 130,4 миң сом суммасындагы каражаттар натыйжасыз чыгымдалган.
  4. “Майлуу-Суу жылуулук менен жабдуу  ишканасынын” филиалы тарабынан берилген маалыматтар боюнча “Ак-Жол-2000” Ф/Ч тарабынан келишимде белгиленген калориясы 5120 кКал/кг “Д” маркасындагы көмүрдүн ордуна, калориясы 3520 кКал/кг жана 3320 кКал/кг көмүр алынып келинген. Бул жагдай “Майлуу-Суудагы жылуулук жабдуу ишканасынын” филиалы тарабынан лабараториянын текшерүүсү менен аныктаган. Анын натыйжасында “Майлуу-Суудагы жылуулук жабдуу ишканасынын” филиалына 1 853,3 миң сом (1128,6 т) зыян келтирилген. 
  5. “Чүй "кристалл” ишканасынын” филиалында баштапкы эсепке алуу документтери толук толтурулбай 203,1 миң сомго күйүүчү-майлоочу майлар эсептен чыгарылган.
  6. Эмгек акыны, иш сапардык чыгымдарды төлөөгө байланышкан бузуулар – 11 024,1 миң сомду түздү, анын ичинен: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштарга жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштарга кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун 3, 4, 5, 6-пункттарын бузуу менен, оор жумуштарга жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарга кызматтык маянанын 25% өлчөмүндө кошумча төлөмдөр филиалдар тарабынан жүргүзүлгөн.
  7. Бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды таануу жана амортизациялоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарбоо – 10 840,7 миң сомду түзгөн, бул “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы жер тилкелерин болжол менен 10840,7 миӊ сомго баланс эсебине коюлууга тийиш.
  8.  Эсеп саясатынын талаптарын бузуу жолу менен тийешелүү эсептен чыгарууга чечими жок туруп, баштапкы баасы 299,8 миӊ сомго негизги каражат баланстан чыгарылган.
  9. Дебитордук жана кредитордук карызды эсепке алуудагы бузуулар – 253,0 миң сомду түзгөн.
  10. Мыйзам талаптарына ылайык конкурстар өткөрүлбөстөн 2 945,4 миң сом сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) жүргүзүлгөн.