Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

КР Эсептөө палатасынын төрагасы менен Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын президенти Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту

2023-жылдын 14-июлунда Жогорку Кеңештин  Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын президенти Мариан Банас баштаган делегация менен жолугушту. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов да катышты. 

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасы көп жылдык тарыхка ээ экенин айтып, байыркы мамлекеттик мекемелердин бири экендигин белгиледи. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын ортосундагы кызматташуу аудит жүргүзүүнүн методологиясын өркүндөтөт», - деп баса белгилеген Данияр Төлөнов мамлекеттик аудит бюджеттик каражаттарды эффективдүү башкарууну камсыздай турганын кошумчалады. 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов Жогорку Кеңеш жыл сайын Эсептөө палатасынын отчетун угуп, аудиторлорду бекитээрин эске салды.  Муну менен катар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын ортосундагы кызматташуу мамлекеттик аудит тармагындагы тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөрүн билдирди. 

Польша Республикасынын Жогорку көзөмөл палатасынын президенти Мариан Банас өз кезегинде бюджеттик каражаттардын чыгымдалышына көзөмөлдөөнү ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, анткени бул бюджетти башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат - деди. Ал мындан ары да кызматташууга даяр экенин билдирди. 

Белгилей кетсек, тараптар мамлекеттик аудит, бюджеттик каражаттарды эффективдүү башкаруу жаатындагы маселелерди талкуулашты.