Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” Коомдук фондунунда 810 млн 256,8 миң сомдук финансылык бузуулар аныкталды

2023-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” Коомдук фондунун ишине 2019-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик  аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” Коомдук фондунда 810 млн 256,8 миң сомдук каржы бузуулары аныкталган, анын ичинде:

  • Фонддун финансылык каражаттарын чыгымдоодо 51 млн 835,0 миң сом суммасындагы бузуулар жана кемчиликтер.
  • Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча долбоорлорду/программаларды баалоо жана тандоо боюнча эксперттик комиссия, коммерциялык жана жеке ишкерлердин долбоорлорун каржылоону негизсиз жактырган, анын натыйжасында Фонд тарабынан 758 млн 421,8 миң сом каржыланган.

Аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлөт.