2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү
Бүгүн, 2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор Б. А. Рыскулиев жана А. А. Раматилаев тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды:
- 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде, анын ведомстволук уюмдарында жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет (анын ичинде Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда жүргүзүлгөн утурлама аудит боюнча маселе);
- 2022-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
Маселелерди кароо үчүн аудит объектилеринин жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудит объектилерине сунуштар берилди.
Аталган объектилерде жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө кеңири маалымат кийинчерээк www.esep.kg сайтында жарыяланат.













