Нурматов Жузупбек Шоконович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды
Жузупбек Нурматов Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов менен парламенттин депутаты Талайбек Масабиров Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жалпы жааматына Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитор кызматына шайланган Жузупбек Нурматовду тааныштырды.
Данияр Төлөнов өз сөзүндө, өлкөнүн мамлекеттик аудитинин жогорку органынын алдында турган милдеттеринин маанилүүлүгүн баса белгилөө менен бирге, Жузупбек Нурматовдун ишине ийгилик каалады.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жамааттын атынан Жузупбек Нурматовду жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады. Ал ошондой эле КР Мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө мыйзамдарына ылайык тиешелүү тандоодон өтүп жаңы дайындалган кызматкерлерге бир катар каалоолорун айтты. "Ар дайым деталдарга жана документтерге көңүл буруп, текшерүүлөрдү жана аудиттерди максималдуу тактык менен жүргүзүүнү каалайм. Сиздер жүргүзгөн жумуш учурунда кабыл алынган ар бир чечим жана тыянак объективдүү маалыматтарга жана фактыларга негизделсин. Кесипкөйлүк жана компетенттүүлүк – бул биздин ишибиздеги негизги талап, анткени өз милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн өзүнүн кесиптик көндүмдөрүн дайыма өнүктүрүп, мыйзамдардагы жана аудит методикасындагы өзгөрүүлөргө көз салып туруу зарыл. Биздин ишибизде коллегиалдуулук жана командалык рух сыяктуу түшүнүктөр маанилүү, андыктан кесиптештер менен жемиштүү мамиле түзүүнү, тажрыйба алмашууга жана жумушта бири - бирибизди колдоого ачык болууну каалайм, - деп жыйынтыктады ал.
Өз кезегинде аудитор Жузупбек Нурматов ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ишке бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.
Мамлекеттик финансылык контролдоону бекемдөөгө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен аудитор Уран Жумагулов, бөлүм башчысы Руслан Абдыкалыков жана аналитик Арстанбек Курманалиев сыйланышты. Мындан тышкары, парламенттин ыраазычылык каты Эсептөө палатасынын төрагасынын кеңешчиси Абдулажан уулу Элмырзага тапшырылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында Эсептөө палатасына жаңы дайындалган кызматкерлерге Эсептөө палатасынын атайын төш белгиси берилди.















