Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүндө 472 млн 357,2 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды
2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйынында, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинде, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө, 2021-2022-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары тууралуу отчет каралды.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 472 млн 357,2 миң сомдук каржылык тартип бузуулар жана кемчилдиктер аныкталды:
каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар - 60 147,1 миң сом;
бюджеттин кошумча кошуп эсептелген кирешелери - 943,8 миң сом;
Соцфонддун кошумча кошуп эсептелген кирешелери - 760,0 миң сом;
бюджеттин чыгымдар бөлүгү жана башка төлөмдөр боюнча бюджеттин жоготуулары ж.б. - 76 019,5 миң сом;
рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар - 289485,6 миң сом;
эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу - 45001,2 миң сом.
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда сатылып алынган айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүнүн жана жер семирткичтердин 2022-2023-жылдары керектөөчүлөргө сатылышына жана таратылышына утурлама аудиттин жыйынтыгында аныкталган 214397,9 миң сом жоготуулар боюнча маалыматтар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлөт.











