Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

КР Эсептөө палатасы “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомуна аудит жүргүздү

 2024-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда 2022-жылга карата “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомунун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудиттинин жыйынтыктары тууралуу отчету каралды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча төмөнкү каржылык бузуулар аныкталган:

1) 2086,8 миң сом суммасындагы дивидендтер жана пайдага салыгы чегерилбей калган (2024-жылдын 17-январындагы №110, 111 төлөө тапшырмаларынын негизинде 1999,8 миң сом суммасындагы дивидендтер жана 87,0 миң сом суммасындагы пайдага салыгы  аудиттин жыйынтыгы менен “Кыргызнефтегаз” ААКсы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине жана Кочкор-Ата шаарынын Мэриясына  которулган).

2) Техникалык шарттарды даярдоо жана уруксат берүү, инженердик тармактарга кошулуу кызматтарын эсептөөдө, Суу менен камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан калк менен коммерциялык мекемелердин өзгөчөлүктөрү кабыл алынбай бирдей тариф коюлган. Бул тарифтерди аныктоодо коммерциялык мекемелер менен турак үйлөрдү куруучулардын өзгөчөлүктөрүн жана инженердик тармактарга кошулуучу түтүкчөлөрдүн диаметрин, аянтчасын, ошондой эле башкармалыктын пайдасы эске алынган эмес.