Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2024-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында өлкөдөгү тышкы мамлекеттик аудитинин жогорку органынын Кеңешинин отуруму болуп өттү, анда аудиторлор Б.А. Рыскулиев жана А.Т. Байгазаков тарабынан берилген төмөнкү отчеттор каралды:
- 2021-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет;
- 2023-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Алтын-Балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борбору” мамлекеттик мекемесинин ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
Күн тартибиндеги маселелерди кароого тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары жөнүндө баяндамаларды угуп, алар боюнча маселелерди талкуулашты жана айрым сын-пикирлерди киргизишти. Жыйындын жыйынтыгы боюнча отчеттор бекитилип, аудиттин жыйынтыгы тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. 
Бул отчеттор мамлекеттик мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадамдар болуп саналат. 
Жогорудагы объектилерде жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө көбүрөөк маалымат кийинчерээк www.esep.kg сайтында жарыяланат.