Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы ишинин отчету каралды.
Бүгүн, 10-июндагы Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету каралды.
Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов маалымат берди.
Талкуу маалында депутат Эльвира Сурабалдиева аудитордук иш-чаралардын жыйынтыгында мамлекеттик кызматкерлер тарабынан каржылык мыйзам бузуулар көбөйгөнүнө көңүл буруп, кадр маселесин кароо керектигин кошумчалады. Эл өкүлү Камила Талиева да Финансы министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги тарабынан бюджеттик каражаттарды эффективдүү пайдаланбай жаткандыгы тууралуу маселени көтөрүп, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигине токтолду.
Ал эми депутат Надира Нарматова капиталдык салымдарга бөлүнгөн республикалык бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдалануу маселесин ортого салса, эл өкүлү Айсаракан Абдибаева Эсептөө палатасына 40 штаттык бирдик бөлүнгөнүн айтып, анын ишине өзгөчө көңүл бурду.
Андан тышкары, жыйында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2023-жылдын 21-июнундагы №1285-VII «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2022-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету тууралуу» токтомунун аткарылышы угулуп, эске алынды.