Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2024-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү, анда аудиторлор А.А. Раматилаев тарабынан берилген төмөнкү отчеттор каралды:

1. 2018-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясында жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына  жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

2. 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

Күн тартибиндеги маселелерди кароого тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары жөнүндө баяндамаларды угуп, алар боюнча маселелерди талкуулашты жана айрым сын-пикирлерди киргизишти. Жыйындын жыйынтыгы боюнча отчеттор бекитилип, аудиттин жыйынтыгы тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. 
Бул отчеттор мамлекеттик мекемелердин ишинин ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү кадамдар болуп саналат. 
Жогорудагы объектилерде жүргүзүлгөн аудиттер жөнүндө көбүрөөк маалымат кийинчерээк www.esep.kg сайтында жарыяланат.