Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2024-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү

Бүгүн, 2024-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму болуп өттү, анда аудитор Уран Жумагулов берген 2020-2023-жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана  көзөмөлдөө кызматынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 1500,4  миң сомдук финансылык тартип буузулар аныкталды, анын ичинде:

-Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын “Мамлекеттик имараттар департаменти” Мамлекеттик ишканасы 2020-2023-жылдары түзүлгөн келишимдердин ченемдерин аткарбастан, Финкөзөмөл ээлеген кеңселерге оңдоо-курулуш иштерине 1 050,3 миң сом төлөнгөн деп көрсөтүлгөн чыгашалары болгон, бирок эч кандай жумуштарды жүргүзгөн эмес;

-2020-2023-жылдардын ишмердүүлүгү боюнча отчетторунда көрсөтүлгөн административдик айып салынган суммалар менен иш жүзүндө административдик айып салынган суммалардын айырмасы 347,0 миң сомду түздү;

-Эмгек акы төлөөдө, 2022-2023-жылдарда жалпысы 71,3 миң сомго финансыдык тартип бузуу аныкатылып калыбына келтирилген.

Финкөзөмөлдүн Түштүк аймактык башкармалыгы боюнча төмөнкү кемчиликтерге жол берилген:

-банктан алган 8,0 миң сомдук акча каражаты кассага өз убагында кириштеген эмес;

-8,8 миң сом акча каражаты кассага кириштелип, бирок тастыктоочу документи жок чыгышталган. Бул жетишпестик аудит учуруда калыбына келтирилди;

- лимиттен ашык 1 даана транспорттук каражат баланста турат;

- Жободо сыйлык берүү укугу  көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан, ар кандай чарбалык мекемелерге сыйлыктарды берүү менен бюджеттин эсебинен негизсиз 15,0 миң сом чыгышталган. Бул сумма аудит учурунда калыбына келтирилген.

Күн тартибиндеги маселени кароого Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана  көзөмөлдөө кызматынын жетекчилери чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү аудиттин жыйынтыктары жөнүндө баянданы угуп, ал боюнча маселелерди талкуулашты жана айрым сын-пикирлерди киргизишти. Жыйындын жыйынтыгы боюнча отчеттор бекитилип, аудиттин жыйынтыгы тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт. 

Бул аудит отчету кийинчерээк www.esep.kg сайтында жарыяланат.