Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Лейлек районунун бюджетине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен 17 893,4 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен областынын Лейлек районунун жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата  бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Аудитке, Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, Лейлек районунун өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Лейлек райондук финансы башкармалыгы Лейлек районундагы өз алдынча башкаруу органдары жана өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы муниципалдык ишканалары камтылды.

Лейлек районундагы өз алдынча башкаруу органдарынын жана Раззаков шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгында 17 893,4 миң сомдук каржылык бузуулар аныкталды. 

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшүндөгү бузуулар  322,3 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү чегербөө же толук эмес чегерүү (салык, СФ ж.б кошумча  эсептөөлөр)  207,0 миң сом;
  • бюджеттик каражаттарды башка каржы булактарынан каржыланган каражаттарга пайдалануу 36,0 миң сом;
  • бюджеттик тутумундагы бюджеттик чыгымдардын коддору боюнча бюджеттик каражаттарды санкцияланбаган кайра бөлүштүрүү 16,0 миң сом;
  • курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 2602,7 миң сом;
  • капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткарууда башка бузуулар 635,3 миң сом;
  • кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү башка төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 2463,2 миң сом;
  • товардык-материалдык баалуулуктар жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 18,1 миң сом;
  • мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражатынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) 1961,0 миң сом;
  • бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу  1244,8 миң сом;
  • бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн талаптарын бузуу менен отчет берүү (подотчет)   120,0 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөдөгү бузуулар 81,1 миң сом;
  • бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын сактабоо 6192,6 миң сом;
  • дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 1993,3 миң сом.

 Аудиттин жыйынтыгы  менен:

 - тиешелүү чараларды көрүү үчүн Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Лейлек финансы башкармалыгынын башчысына, айыл өкмөттөрдүн жана мунуципалдык мекемелеринин башчыларына, Раззаков шаарынын мэрине жана шаардык мэрияга караштуу муниципалдык ишканалардын, бюджеттик мекемелердин башчыларына сунуштамалар жана жазма буйруктар;

- жергиликтүү Кеңештердин сессиясында кароо үчүн отчеттордун, сунуштамалардын жана жазма буйруктардын көчүрмөлөрү айылдык жана шаардык Кеңештердин төрагаларына;

 - Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.

Баткен областынын прокуратурасына:

- Сумбула айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Фуркат Кахаровдун эсебинен 1961,0 миң сом накталай акча каражатынын жетишпестиги боюнча аудиттин материалдары 12.02.2024-жылдагы №01-13/89 каттын негизинде;

- Кең-Талаа айыл  өкмөтүнүн Үч-Булак айылындагы 2500 метр арыкты цементтөө үчүн 2023-жылдын 22-майындагы №23/2161783 келишимдин негизинде жеке ишкер Г. С. Джураевага 1984,3 миң сом акча каражаты которулуп, бирок жумуштар аткарылбагандыгы боюнча аудиттин материалдары 2024-жылдын 25-апрелиндеги №01-13/147 каттын негизинде укуктук баа берүү үчүн жиберилди.

Мындан сырткары, утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куроо иштерине сарпталган бюджеттик жана башка каражаттардын максаттуу пайдаланылышы жана туура өздөштүрүшүнө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында аныкталган  каржы бузуулар:

- Тогуз-Булак айыл  өкмөтүндөгү «Тогуз-Булак айыл аймагында  Танги-Оозу участкасынан Айбийке айылынын түштүк-батыш тарабындагы Кара-Оток участкасына чейин узундугу 5450м. сугат суу түтүгүн куруу» обьектиси боюнча “СК Лидер” ЖЧКсы тарабынан 479,2 миң сомдук кошуп жазууларга;

- Раззаков шаар мериясына караштуу муниципалдык менчик департаментиндеги “Раззаков шаарына караштуу Исфана-Сай участкасына жана Чимген айылындагы Шор-Булак сайына жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн курулушу” объектиси боюнча Долбоорчу “ТМАЯ” ЖЧКсы тарабынан долбоор (100,0 миң сомдон кем эмес) сапатсыз жасалгандыгына укуктук баа берүү үчүн аудиттин материалдары КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилди.