19-октябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына 28 жыл
19-октябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы түзүлгөндүгүнүн 28 жылдыгын белгиледи.
Майрамдык иш-чаралардын алкагында Эсептөө палатасынын кызматкерлери көп жылдык ак ниет эмгеги, кызматтык милдеттерин ыкчам жана так аткарганы, ошондой эле эмгек жамаатынын коомдук турмушуна активдүү катышканы үчүн сыйлыктар менен сыйланышты. Бул сыйлыктар алардын Эсептөө палатасынын ишин өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө кошкон салымын тастыкташты.
Майрам алдында Эсептөө палатасынын борбордук аппаратынын жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери арасында спартакиада өткөрүлгөн. Мелдештер беш спорт түрү боюнча өткөрүлүп, кызматкерлердин командадагы ынтымагын чыңдоого жана ден соолукту сактоого багытталган. Спартакиаданын жеңүүчүлөрү да сыйлыктар менен сыйланышты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жамаатты юбилей менен куттуктады. Өз куттуктоосунда ал мекеменин каржылык көзөмөлдү камсыздоодогу жана өлкөнүн акча каражаттарын натыйжалуу пайдалануудагы маанилүү ролун белгиледи. Акматов Эсеп палатасынын ийгиликтери ар бир кызматкердин кесипкөйлүгүнүн, жоопкерчилигинин жана принципиалдуулугунун натыйжасы экенин баса белгиледи.
«Биз, жасаган ишибизди чыңдоо боюнча узак жол бастык, мына ушунун баары сиздердин кесипкөйлүгүңүздөрдүн, жоопкерчилигиңиздердин жана принципиалдуулугуңуздардын натыйжасы болду. Сиздер дайыма мекемебиздин күч-кубаты болуп турасыздар. Бүгүнкү күнү жетишкен ийгиликтерибиз үчүн, алардын иш тажрыйбасы жана билими пайдубал болуп калган ардагерлерибизге өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Бизди алдыда жаңы милдеттер жана чакырыктар күтүп турат. Калктын жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуу болгон Сиздердин миссияңыздарды сактоо жана иштин жогорку стандарттарын колдоо менен, энтузиазм жана туруктуулук менен алдыга умтула берерибизге ишенем», – деп белгиледи Алмазбек Акматов.