Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чоң-Алай районуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 21678,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнү, Ош областынын Чоң-Алай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2022-2023-жылдар аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудитке, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң-Алай башкармалыгы, Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду, Чоң-Алай, Жекенди, Кашка-Суу айыл өкмөттөрү жана Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Турак жай муниципалдык ишканасы камтылды.

Чоң-Алай районуна жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы 21678,8 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгунүн туура келбеши (план тапшырмаларды негизсиз азайтуулар) 2853,4 миң сом;
  • бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү боюнча, алар боюнча туумдарды жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролду жүргүзүү боюнча чаралардын көрүлбөшү 71,9 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 338,8 миң сом;
  • бюджеттик классификациянын коддордун колдонууну бузуу менен, бюджеттик каражаттарды алуучуларга жана ведомостволук бөлүштүрүчүлөргө бюджеттик каражаттарды бөлүү жана багыттоо 10741,4 миң сом;
  • бюджеттик мыйзам менен белгиленген көлөмдөн ашырылган өлчөмдө жана бөлүү шарттары менен каралбаган максаттарга резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу 260,0 миң сом;
  • курулуш-куроо иштеринин көлөмүнө же наркына кошуп жазуулар 91,9 миң сом;
  • ТМБ ченемден ашык корлордун болушу 2654,1 миң сом;
  • бюджетке ижара акысын өз учурунда чегерүүнү камсыздоо боюнча контролдоонун жана чараларды көрүүнүн жоктугу 128,1 миң сом;
  • эмгек акы, сапар чыгымы жана башка чыгымдарга төлөөлөргө байланыштуу бузуулар 26,0 миң сом;
  • бухгалтердик эсепте негизги каражаттарды эсепке алуу тартиби боюнча мыйзам талаптарынын сакталбоосу 4403,2 миң сом;
  • дебитордук карыздарды эсепке алуудагы бузуулар 110,0 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрация башчысына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чоң-Алай финансы башкармалыгынын, Жекенди, КашкаСуу, Чоң-Алай айыл өкмөттөрдүн жана “Турак-жай жана коммуналдык кызмат” муниципалдык ишканасынын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;

- отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.