Төрага Алмазбек Акматов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборуна барып, белектерди берип, куттукташты.
Төрага Алмазбек Акматов баштаган Эсептөө палатасынын кызматкерлери жаңы жылдын алдында Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборуна барып, белектерди берип, куттукташты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өз сөзүндө ар бир бала биздин коргообузга, мээримибизге муктаж экенин белгиледи.
“Сиздерге кааларым, бактылуу балалык, ар дайым ден соолугуңарды чыңдоону унутпагыла. Келечекте адептүү, билимдүү, акылдуу, мекенчил болуп өскүлө. Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлагыла. Мекенибизди барктап сүйгүлө, анткени, силер анын келечегисиңер. Кыялдангандан эч тартынбагыла, жаштын тилегин берет. Ошондой эле балдарды тарбиялап өстүрүүдө мугалимдердин эмгеги баа жеткис, сиздер бүт өмүрүңөрдү, билимиңерди арнап эмгектенип жатасыздар, сиздерге албан ийгиликтерди каалайм”, — деди Алмазбек Акматов
Ал эми Эсептөө палатасынын аудитору Бадахшан Рыскулиев салтка айланган бул камкордук улана берерин белгиледи.
“Урматтуу балдар! Бул жерге биз дайыма келерибизди жакшы билесиңер. Ар дайым силерди колдогонго даярбыз. Келе жаткан жыл жакшылыктын жылы болсун. Бардык кыйынчылыктарды жеңип, күчтүү инсан болушуңарга тилектешмин”, — деди.
Салт боюнча Эсептөө палатасынын кызматкерлери быйыл да өздөрүнүн жеке каражаттарынын эсебинен балдарга жагымдуу маанай тартуулоо үчүн кайрымдуулук акциясын уюштуруп, балдарга Жаңы жылдык белектерин беришти.