Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ысык-Ата районунда  104 954,2 миң сом каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканаларынын ишине жана республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудиттер жүргүзүлдү, алар: Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ысык-Ата финансы башкармалыгы, Ысык-Ата районун өнүктүрүү фонду, 19 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Ысык-Ата районунун 7 муниципалдык ишканалары.

 Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 104 954,2 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:

  • Бюджеттик мыйзамдын талаптарына бюджет долбоорунун киреше бөлүгүнүн туура келбеши –  29 878,8 миң сом;
  • Бюджетке мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү тескөөдөн, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдалануудан алынган каражаттарды, ошондой эле акы төлөнүүчү мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелерди которбоо (өз убагында же толук эмес которуу) – 224,0 миң сом;
  • Бюджеттин кирешесине мажбурлап өндүрүлүүчү суммалардын (айып пулдары, конфискацияларды ж. б.), ошондой эле тиешелүү бюджеттин кирешесине каражаттарды калыбына келтирүүдөн (ордун толтуруудан) алынган суммаларды которбоо (өз убагында эмес же толук эмес которуу) – 55,7 миң сом;
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 210,1 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 59,5 миң сом калыбына келтирилген);
  • Кайтаруу негизинде алынган каражаттарды өз учурунда эмес кайтаруу жана кайтарбай коюу, кайтаруу негизинде берилген зайым каражаттарын (ссуда же кредит) пайдалангандыгы үчүн эсептелген пайыздарды өз учурунда эмес чегерүү же чегербөө – 696,2 миң сом;
  • Башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө турган чыгымдарды төлөө боюнча бюджеттик каражаттарды пайдалануу – 5 257,1 миң сом;
  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин чыгымдарынын коддору боюнча бюджеттик каражаттарды уруксатсыз кайра бөлүштүрүү – 2 638,6 миң сом;
  • Бөлүү шарттары менен каралбаган максаттарга резервдик фонддун каражаттарын пайдалануу – 148,8 миң сом;
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин наркын же көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 1 380,2 миң сом;
  • Капиталдык салымдар үчүн бюджеттик каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык келбегендиги – 31,2 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 12 841,2 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 4,6 миң сом калыбына келтирилген);
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашык чыгымдар – 1 606,2 миң сом;
  • ТМБ нормативден ашыкча запастары жана эсептөөлөрдөгү каражаттар – 4 251,1 миң сом;
  • Бюджеттерди аткаруудагы башка бузуулар жана кемчиликтер – 646,6 миң сом;
  • Негизги каражаттарды кириштөө тартибин бузуу, негизги каражаттардын эскиришин жана материалдык эмес активдерди эсептөөдөгү бузуулар. Белгиленген тартипте эсепке алынбаган, кириштелбеген мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн болушу – 2 077,3 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 2 077,3 миң сом калыбына келтирилген);
  • Мамлекеттик (муниципалдык) мүлктүн жана мамлекеттик акча каражаттарынын кем чыгышы (бузулушу, жоголушу, уурдалышы) – 2 270,4 миң сом  (аудиттин жүрүшүндө 114,7 миң сом калыбына келтирилген);
  • Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу – 662,7 миң сом;
  • Бюджетке ижара төлөмүн өз учурунда которууну камсыздоо боюнча чаралардын кабыл алынбагандыгы жана анын жоктугу – 2 219,2 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 43,5 миң сом калыбына келтирилген);
  • Мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн төмөндөтүү – 597,8 миң сом;
  • Мүлктү ижарага берүүдө ижара келишиминин шарттарынын сакталбашы – 2 473,6 миң сом;
  • Эмгек акыны, командировкалык чыгымдарды, жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана башка төлөмдөр менен байланышкан бузуулар – 2 393,9 миң сом;
  • Негизги каражаттарды таануу, эсепке алуу жана аммортизациялоо тартиби боюнча мыйзамдардын талаптарын бузулушу – 9 557,8 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 725,7 миң сом калыбына келтирилген);
  • Дебитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 5 684,7 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 1 037,3 миң сом калыбына келтирилген);
  • Кредитордук карыздыр боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 618,1 миң сом (аудиттин жүрүшүндө 618,1 миң сом калыбына келтирилген);
  • Эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин башка бузуулар – 29,9 миң сом  (аудиттин жүрүшүндө 29,9 миң сом калыбына келтирилген ;
  • Мыйзамдардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрүлбөстөн, сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) – 13 685,9 миң сом;
  • Сатып алуулардын жылдык планын түзүү жана бекитүү менен байланышкан бузуулар – 11,0 миң сом;
  • Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү жана башка бузуулар – 2 806,1 миң сом.

Аудиттердин материалдары аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана уюмдарга аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн жазма буйруктар жөнөтүлдү.

Ысык-Ата районунун мурдагы Интернационал айыл өкмөтүндө жер казынасын пайдалануу үчүн жана АЧЖМФ жерлеринин ижара акыларынын төлөнбөгөндүгү боюнча, мурдагы Ново-Покровка айыл өкмөтүндө жайгашкан муниципалдык жерлер жеке менчикке сатылгандыгы жана мурдагы Туз айыл өкмөтүндө 2 даана атайын техникалардын жетишпестиги (недостача) боюнча аудиттердин материалдары, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди.

Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясынын отурумунда кароо, аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу, аларга мындан ары жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин аныктоо, Ысык-Ата районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары боюнча жиберилген жазма буйруктардын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алуу жана  милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылуу сунушталды.

Мындан тышкары, Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына маалымат үчүн жиберилди.