Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Алай районуна жүргүзүлгөн аудитте 9837,9 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Ош областынын Алай районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы, ал эми реформа жүргүзүлгөн административдик аймактарда 2024-жылдын 1-апрелине карата бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү. Аудитке, Алай райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгы, Алай райондук өнүктүрүү фонду, Жаңы-Алай, Үч-Дөбө (мурдагы Үч-Төбө жана Алай а/ө), Жибек-Жолу (мурдагы Ленин жана Бүлөлү а/ө), Гүлчө (мурдагы Гүлчө жана Будалык а/ө), Курманжан-Датка, (мурдагы Коңур-Дөбө жана Кабылан-Көл а/ө), Тилектеш (мурдагы Корул жана Жошолу а/ө), Памир-Алай (мурдагы Сары-Могол, Сары-Таш жана Талды-Суу а/ө) айыл өкмөттөрү жана айыл өкмөттөрүнө караштуу муниципалдык ишканалар камтылды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 9837,9 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, анын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгон каржы бузуулар 2260,4 миң сом, ордуна коюлганы 1372,8 миң сом, андан: бюджетке 327,2 миң сом, мекемелерге 1045,6 миң сом, ордуна коюлбаган сумма 887,6 миң сомду түзөт.

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Бюджет жөнүндө мыйзам долбоорунун бюджеттик мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбеши – 3448,0 миң сом;
  • Төлөмдөрдү туура, толук жана өз убагында жүргүзүлүшүн, алар боюнча туумдардын жана айып пулдардын эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо боюнча көрүлбөгөн чаралар – 8,2 миң сом;
  • Бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) – 24,2 миң сом;
  • Бюджеттик классификациянын коддорун колдонууну бузуу менен, бюджеттик каражаттарды ведомстволук тескөөчүлөргө жана алуучуларга бюджеттик каражаттарды бөлүү жана жиберүү – 1801,3 миң сом;
  • Курулуш-куроо иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу – 606,8 миң сом;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 218,4 миң сом;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар – 2578,4 миң сом;
  • Мүлктөрдүн жана акча каражаттарынын жетишсиздиги – 38,2 миң сом;
  • Контролдуктун жоктугу жана ижара акысын бюджетке өз убагында чегерүүнү камсыз кылуу боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү – 27,0 миң сом;
  • Мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү пайдаланууда башка бузуулар – 7,2 миң сом;
  • Бухгалтердик эсепти жүргүзүү талаптарын бузуу менен отчеттуу жактарга аванстарды берүү – 85,4 миң сом;
  • Командировкалык чыгымдарды, жөлөк пулдарды, компенсацияларды ж.б. төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар – 124,9 миң сом;
  • Негизги каражаттарды эсепке алуу боюнча мыйзам талаптарын сактабоо 658,3 миң сом, толук калыбына келтирилүүгө жатат, мекемеге толук калыбына келтирилди;
  • Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар – 143,5 миң сом;
  • Эсепке алуу жана отчеттуулук тартибин бузуу – 28,1 миң сом;
  • Мыйзамдын талаптарына ылайык конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү) – 40,0 миң сом.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

- тиешелүү чараларды көрүү үчүн Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысына, КРнын Финансы министрлигинин Алай финансы башкармалыгынын, Гүлчө, Памир-Алай, Үч-Дөбө-Алай, ЖибекЖолу, Жаңы-Алай, Курманжан-Датка, Тилектеш айыл өкмөттөрүнүн башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү;

- отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн айылдык Кеңештердин төрагаларына жөнөтүлдү;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди