Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

“Манас” эпосу — түбөлүктүү руханий мурас: Эсептөө палатасында лекция уюштурулду

Үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат кызматкерлери үчүн улуу “Манас” эпосу тууралуу кеңири мазмундуу лекция уюштурулду. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 22-апрелиндеги №126 ПЖ “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын жана 2025-жылдын 11-февралында кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында өткөрүлүүдө.

Лекциянын негизги максаты – кызматкерлерге кыргыз элинин улуттук иденттүүлүгүнүн, тарыхый эс тутумунун жана руханий дүйнөсүнүн өзөгүн түзгөн “Манас” эпосунун терең маанисин жана заманбап коомдогу ордун таанытуу болду.

Иш-чарада “Манас” эпосунун тарыхы, анын үчилтиги — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” чыгармаларынын мазмуну, тарбиялык мааниси жана руханий баалуулугу кеңири баяндалды. Ошондой эле, эпостун кылымдарды карыткан табиятын, оозеки салт аркылуу муундан муунга өтүп, бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготпой келе жаткан өзгөчө көркөм феномен экендиги баса белгиленди.

Лекциядан кийин иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, катышуучулар эпоско байланыштуу кызыккан суроолоруна жооп алып, баарлашууга активдүү катышышты. Иш-чарага катышкан кызматкерлер “Манас” эпосу аркылуу улуттук аң-сезимди чыңдоо, тарыхты терең түшүнүү жана руханий дүйнөнү байытуу боюнча маанилүү маалыматтарды алышты.

Эпос тууралуу мындай иш-чаралар коомдо маданий мураска болгон кызыгуу менен сыймыктанууну арттырууга, жаш муундун патриоттук тарбиясына өбөлгө түзөрү шексиз. Эсептөө палатасы келечекте да улуттук баалуулуктарды жайылтуу максатындагы иш-чараларды колдоону улантат.