Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Жүрөктөн чыккан жылуу мамиле: Эсептөө палатасынын жамааты “Красноречка” жатак-мектебиндеги балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Жүрөктөн чыккан жылуу мамиле: Эсептөө палатасынын жамааты “Красноречка” жатак-мектебиндеги балдарга майрамдык маанай тартуулашты

Коомдун жүзү – анын эң аяр мүчөлөрүнө кандай мамиле кылат, ошондон көрүнөт. Ар бир бала – бул турмуштун берекеси, келечектин үмүтү. Бирок ар кимдин тагдыры ар башка. Кээ бир бөбөктөр жашоонун кыйынчылыктары менен эрте кабылышып, өзгөчө көңүл бурууга, жылуу мамилеге муктаж болушат.

Мындай жүрөккө жакын жагдайды эске алып, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүмү 2021-жылдан бери Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жайгашкан, өзгөчө камкордукка муктаж тарбиялануучулар билим алган Красноречка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) жатак-мектеби менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, колдоо көрсөтүп келет.

Ушул саамда да, 1-июнь – Эл аралык балдар күнүнө карата, аймактык бөлүмдүн профсоюздук комитетинин демилгеси менен мекемеге кеңсе буюмдары тапшырылып, балдардын окуу шартын жакшыртууга салым кошулду.

Муну менен катар, бөлүмдүн жалпы жамааты чын жүрөктөн демилге көтөрүп, өз ыктыяры менен кошумча жардам иретинде муздаткыч, телевизор, жер-жемиш жана керектүү азык-түлүк алып барып, тарбиялануучуларга майрамдык маанай тартуулашты. Бул жүрөктөн чыккан саамалыкка бөлүмдүн жетекчиси Токтогул Шаменов баштаган кызматкерлер да катышып, мекеме жамааты жана балдар менен жылуу жолугушуу өткөрүштү.

Бул күн — жөн гана майрам эмес, көңүлдүн, камкордуктун, боорукерликтин күнү болду. Жан дүйнөсү тунук, көз карашы үмүткө толгон балдарга тартууланган жылуу сөз, кичинекей белек — алар үчүн чоң дем, чыныгы кубаныч.

Мындай иш-чаралар коомубуздагы ынтымакты, кайдыгер эмес мамилени жана чыныгы адамгерчиликти айгинелеп турат. Анткени ар бир боорукер кадам – жарык келечекке карай жол ачат.