Эсептөө палатасы “Бишкек” ЭЭЧнын ишинде финансылык тартип бузууларын жана башкаруудагы системалуу көйгөйлөрдү аныктады
КР Эсептөө палатасы тарабынан “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) башкы дирекциясынын 2023–2024-жылдардагы ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча бир катар мыйзам бузуулар жана башкаруудагы кемчиликтер аныкталды.
Аудит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдагы №431 токтому менен бекитилген “Бишкек” ЭЭЧ жөнүндө Жобонун алкагында дирекциянын негизги максаттары – инвестиция тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүү, өндүрүш жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүү багытында иш-чаралар жетишсиз аткарылып жатканын көрсөттү.
Аудиттин жүрүшүндө бюджеттик төлөмдөр боюнча да тартип бузуулар аныкталды. 2023-жылы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясы кирешеден жергиликтүү бюджетке 55,1 миң сом, республикалык бюджетке 110,2 миң сом чегерип төлөгөн. Бирок 2024-жыл үчүн тиешелүү 50,0 миң сом жана 100,0 миң сом чегерилгени менен, бүгүнкү күнгө чейин төлөнгөн эмес.
Ижара келишимдердин аткарылышын көзөмөлдөө жетишсиз деңгээлде экени белгилүү болду. 2024-жылдын аягына карата 232 субъект менен имарат жана жер ижарасы боюнча келишимдер түзүлгөнү менен, ижара акысынын убагында төлөнбөгөндүгүнүн натыйжасында дебитордук карыздардын жалпы суммасы 119,8 млн сомду түзгөн. Анын ичинен 27,9 млн сом – мөөнөтү өтүп кеткен карыздар. Айып санкциялар жана туумдар өз учурунда эсептелген эмес – 2024-жылы болгону эки субъектке карата 230,4 миң сом суммасында туум колдонулган.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 31-декабрына карата Башкы дирекциянын балансында 63 бирдик транспорт каражаттары бар экени аныкталып, алардын бир бөлүгү (тракторлор, самосвалдар, автокрандар ж.б.) бузулган же колдонууга жараксыз абалда экени белгиленди. Ошондой эле 13,9 млн сомдук эскирген жана керексиз негизги каражаттар боюнча инвентаризациянын негизинде чаралар көрүлбөй калган.
Аудит учурунда дебитордук карыздардын бир бөлүгү гана – 146,9 миң сом (анын ичинен күйүүчү май жана жарнамалык кызматтар үчүн) калыбына келтирилген. Ал эми сот чечимдери менен өндүрүлө элек карыздардын жалпы суммасы 69,6 млн сомду түзүп, дагы 1,5 млн сомдук материалдар сотто кароодо турат.
Аудиттин жыйынтыгы менен Эсептөө палатасы “Бишкек” ЭЭЧнын башкы дирекциясында эсепке алуу системасын автоматташтыруу, ижара келишимдерин башкаруу, каржылык көзөмөлдү күчөтүү, мыйзам бузгандарга карата туум жана айып санкцияларды өз убагында колдонуу боюнча бир катар сунуштарды берди.
Аталган сунуштар дирекциянын ишинин ачыктыгын камсыздап, каржылык тартипти жакшыртуу жана мамлекеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу максатын көздөйт.