Эсептөө палатасы жергиликтүү бюджеттерге жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын жарыялады
2024-жылдык Отчётунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн көзөмөл ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын сунуштады. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 124-беренесине ылайык эки жылда кеминде бир жолу жергиликтүү бюджеттерге аудит жүргүзүү талабына негизделип ишке ашырылды.
Отчеттук жылы Эсептөө палатасы тарабынан 29 шаардын мэриясынын жана 310 айыл өкмөтүнүн бюджеттерине аудит жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлдеги бюджеттик тартиптин сакталышы, бюджеттердин түзүлүшү, аткарылышы жана каражаттарды максаттуу пайдалануу маселелери талданды.
29 шаардын (анын ичинде областтык маанидеги Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Майлуу-Суу, Кара-Көл, Баткен жана Сүлүктү шаарлары. Республикалык маанидеги Бишкек жана Ош шаарлары бул аудитке кирген эмес) бюджеттерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 141,1 миллион сомду түзгөн финансылык тартип бузуулар аныкталды. Мындан сырткары, бул деңгээлде кошумча резерв катары каралышы мүмкүн болгон жана натыйжасыз пайдаланылган каражаттардын жалпы көлөмү 123,6 миллион сомду түздү.
Ал эми айыл өкмөттөрүнүн деңгээлинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча калыбына келтирүүгө тийиш болгон финансылык тартип бузуулардын жалпы суммасы 960,6 миллион сомду түздү. Анын ичинен 869,6 миллион сом же 90,5 пайызы отчеттук жылдын ичинде калыбына келтирилгени белгиленди. Мындан тышкары, айыл өкмөттөрүндө аныкталган резервдер жана жоготуулардын көлөмү 367,4 миллион сомду түздү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик процесстериндеги бул көрсөткүчтөр – жер-жерлерде финансылык тартипти жана башкаруу механизмдерин жакшыртуу зарылдыгын баса белгилеп турат. Эсептөө палатасынын маалыматы боюнча, мындай аудиттердин натыйжасында каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган сунуштар даярдалып, тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына жөнөтүлгөн.
Аталган отчёт Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында жактырылып, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылары белгиленди.







