Жогорку Кеңеш Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө отчетун жактырды
Бүгүн, 19-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету угулду.
Аталган маселе боюнча Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов баяндама жасап, 2024-жылы аткарылган иштерге, мамлекеттик органдарда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктарына токтолду.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева жыл сайын мамлекеттик органдарда, айрыкча министрликтер менен айыл өкмөттөрүндө бир эле мүнөздөгү каржылык мыйзам бузуулар аныкталып жатканын айтып, каржылык тартипти бузган жооптуу кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселени көтөрдү.
Ал эми эл өкүлү Нурланбек Азыгалиев аныкталган каржылык мыйзам бузуулардын жалпы суммасын тактап, Бишкек шаардык мэриясында эле 4 миллиард сомдон ашкан мыйзам бузуулар катталганын билдирди. Ага ылайык, эл өкүлү прокуратура органдарына тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан тышкары, депутат Гуля Кожокулова Финансы министрлиги жылдан жылга каржылык мыйзам бузуулар боюнча алдыңкы орунда келе жатканын белгилеп, өлкөнүн башкы каржы органы катары ал каржы тартибин так сактап, бюджеттик каражаттарды максатсыз жана мыйзамсыз пайдаланууга жол бербеши керектигин белгиледи.
Депутат Бактыбек Чойбеков Эсептөө палатасы тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды жоюу багытында мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чараларга кызыкты.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2024-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын отчету жактырылды.