Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын 2023-2024-жылдар аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2024-жылга карата аудитордук иш планына ылайык, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышына, муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Аудитке, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кызыл-Кыя финансы башкармалыгы, Кызыл-Кыя шаардык Кеңеши, Кызыл-Кыя шаарынын “Караван” аймактык башкармалыгы, Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык менчик департаменти жана муниципалдык ишканалары камтылды. Шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпысынан 57538,3 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 4597,2 миң сом аудит учурунда калыбына келтирилди (33,2 миң сом бюджетке жана мекемеге 4580 миң сом), ордуна коюлбаган калдык сумма 52941,1 миң сомду түзөт. 

Бузуулардын классификатору боюнча:

  • Курулуш-куроо (монтаждоо) иштеринин наркын же көлөмүн жогорулатуу 9103,5 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 4391,0 миң сом мекемеге калыбына келтирилди;
  • Кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 41,0 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге ордуна коюлду;
  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 42 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, мекемеге ордуна коюлду;
  • Мүлктүн жана акчалай каражаттардын (зыян келтирүү, жоготуу, уурдоо ) кем чыгуусу 125,4 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, андан 90,0 миң сом бухгалтердик эсеп боюнча калыбына келтирилди;
  • Мүлктү пайдалануу үчүн ижара акысын төмөндөтүү 446,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок;
  • Командировкалык чыгымдардлы, жөлөк пулдарды, коменсацияларды жана башка төлөмдөрдү төлөп берүүгө байланыштуу бузуулар 33,2 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, бюджетке ордуна коюлду;
  • Дебитордук карызды эсепке алуу боюнча талаптардын сакталбагандыгы боюнча бузуулар 47747,1 миң сом, толук ордуна коюлууга тийиш, ордуна коюлган жок.

Аудиттин жыйынтыгы менен:

1. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кызыл-Кыя шаарынын мэрине, КРнын Финансы министрлигинин Кызыл-Кыя финансы башкармалыгынын башчысына, Кызыл-Кыя шаардык Кеңешинин төрагасына, Кызыл-Кыя мэриясынын алдындагы Караван аймактык башкармалыгынын, муниципалдык менчик департаментинин, “Кызыл-Кыя тазалык”, “КызылКыя шаардык автоунаа”, “Кызыл-Кыя жылуулук” жана “Кызыл-Кыя шаардык сууканал” муниципалдык ишканаларынын башчыларына сунуштама жана жазма буйрук жөнөтүлдү.

2. Отчеттун, сунуштаманын жана жазма буйруктун көчүрмөлөрү жергиликтүү Кеңештин сессиясында кароо үчүн шаардык Кеңештин төрагасына жөнөтүлдү.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аудиттин жыйынтыгы боюнча маалымат жиберилди.

4. Кызыл-Кыя шаардык мэриясы боюнча: “Курук-Сай участогунда “Дʏң соода комплексин куруу” обьектиси боюнча жалпы 31065,3 миң сомдук жашырылган дебитордук карыздар боюнча, анын ичинде: “Эстиси Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардан 9070,8 миң сом, “АИСТ СТРОЙ” ЖЧКсы тарабынан 13212,4 3 миң сом жана “Бат Строй-Гранд” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардан 8782,1 миң сом;

- Кызыл-Кыя шаарынын Масалиев көчөсүнө Конференц залы менен мейманкана куруу” обьектиси боюнча “АЙ-КО” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардан 8740,1 миң сомдук, “Кызыл-Кыя шаарынын Механизатор көчөсүнө ГСВ куруу” обьектиси боюнча “Анвар-Групп” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардан 5353,2 миң сомдук КызылКыя шаарынын Токтогул көчөсүнө ГСВ куруу” обьектиси боюнча “Тургун Курулуш” ЖЧКсы тарабынан аткарылган жумуштардан 2588,5 миң сомдук жашырылган дебитордук карыздар боюнча аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн №01-14/54 каттын негизинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилди.

5. Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти боюнча:

- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти тарабынан “Экскаваторду сатып алууда” (транспорт каражатынын чыгарылган жылы тууралуу) жана “Атайын техникаларды сатып алууда” (жүк көтөрүмдүүлүгү жана кыймылдаткычтын көлөмү тууралуу) техникалык мүнөздөмөдөгү талаптардын жана транспорт каражаттарын алып келүү мөөнөттөрүнүн сакталбагандыгы боюнча;

- Кызыл-Кыя шаарынын Курук-Сай участкасында жайгашкан 4,0га жер тилкесиндеги муниципалдык жерге унаа базарын куруп иштетүү боюнча” Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти жана жеке ишкер Миңбаев Кайрат Абилкайымович ортосунда 49 жылга түзүлгөн ижара келишимдин негизинде, ижара акыдан калган карыз 120,0 миң сом жана кошумча эсептелген 446,1 миң сом ижара акы боюнча аудиттин материалдарына укуктук баа берүү үчүн №01-14/54 каттын негизинде КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен областы боюнча башкармалыгына жиберилди.