Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Эсептөө палатасында төрага Алмазбек Акматовдун жетекчилиги аcтында жыйын өттү

2025-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында төрага Алмазбек Акматовдун жетекчилиги аcтында жыйын өттү. Иш-чарага Эсептөө палатасынын борбордук жана аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү катышты.
Жыйында Эсептөө палатасынын кызматкерлери арасында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу маселеси талкууланды. КР УКМК кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 31-декабрындагы  №209 коррупцияга каршы мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берилип, мамлекеттик органдардагы мыйзам бузууларды жоюудагы мааниси түшүндүрүлдү. 
Андан тышкары, өлкө жетекчилигинин мамлекеттик органдарды модернизациялоо жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттери тууралуу маалымат берилип, Эсептөө палатасы бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөөдө маанилүү ролду аткара тургандыгы белгиленди. Ошону менен бирге Эсептөө палатасынын инспекторлору финансылык текшерүү учурунда мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоого чакырылды. Эгерде мыйзам бузуу фактылары, өзгөчө паракорчулук менен коштолгон мыйзам бузуулар аныкталса, укук коргоо органдары тарабынан катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.
Жыйынтыгында төрага А.Ш. Акматов аудиттерди белгиленген иш пландарга ылайык жүргүзүүнүн жана кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруунун маанисин белгиледи.