2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү
Бүгүн, 2025-жылдын 7-августунда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү. Жыйынга Эсептөө палатасынын төрагасы, аудиторлору жана тиешелүү бөлүмдөрдүн өкүлдөрү катышты. Отурумда 2023-жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгы каралды. Өз сөзүндө аудитор Алмаз Турдумалиев аудит учурунда бир катар кемчиликтер аныкталганын айтып өттү. Кеңеш аудиттин жыйынтыгын талкуулап, тиешелүү сунуштарды кабыл алды (бул маселе боюнча маалымат өзүнчө даярдалат). Ошондой эле, жыйында бир катар кошумча маселелер каралып, анда 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Аудитордук иш планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө талкуу болду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы бош орундарга жарыялаган конкурстан өтүп келген мамлекеттик кызматчылар ант беришти.












